КР БШК Баткен облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
21 февраля 2020
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун, Бешкент айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык кеңешинде 5 шайлоо округу, 4 округ, Маргун айылдык кеңешинде 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
