КР БШКнын 2020-жылдын 18-февралындагы жыйналышынын бекитилген күн тартиби
18 февраля 2020
Өткөрүү датасы: 18-февраль 2020-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамындарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2019-жылы 31-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндо
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобун түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
