КР Башкы прокуратуранын өкүлү КР БШКда мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча сөз сүйлөдү

21 декабря 2018

Коррупциянын алдын алуу коррупцияга каршы ийгиликтүү стратегиянын чечүүчү бөлүгү болуп саналат. 2018-жылы 21-декабрда КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. КР Башкы прокуратуранын өкүлү, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдын авторлорунун бири Т.Ж. Саякбаев БШКнын жамаатына “Коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар” жана “КРдин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамынын имплементациясы” деген эки темада баяндама жасады.

Биринчи тема боюнча төмөнкүдөй маселелер каралды: коррупциянын алдын алууда эл аралык укуктук каражаттар, милдеттенмелер менен жоболордун ар кыл деңгээлдери, КРдин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн улуттук укуктук базасы, коррупцияга каршы күрөшүү механизмдери ж.б.

Экинчи бөлүктө укук булактары, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамды жүзөгө ашырууга жооптуу органдар менен адамдар, тыюу салуулар жана чектөөлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо, ошондой эле Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү ж.б. көп маселелер каралды.

Т.Ж. Саякбаевдин айтуусу боюнча “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамдын долбоору Кыргызстанда мамлекеттик кызматты модернизациялоо Концепциясына ылайык мамлекеттик кызматтын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү, аны заманбап жаңы коомдук-саясий кырдаалга ыңгайлаштыруу максатында иштелип чыккан.

Семинар БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн мазмундуу, кызыктуу жана конструктивдүү өттү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү