Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Шадиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бошогон мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Э.Тагаевге берилди
02 ноября 2018
2018-жылдын 2-ноябрында КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Шадиев Аскарбек Алимбаевич ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин “Бир Бол” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы №167 чечими менен чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Тагаев Эрмамат Султановичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
