Сот КР Президентинин кызмат ордуна арызын берген Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн шарттарды түзүүгө БШКны милдеттендирүү жөнүндө доо арызын канаттандыруудан баш тартты
03 августа 2017
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүнү билдирет:
2017-жылдын 3-августунда Бишкек шаарынын Район аралык сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна арызын берген Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун “Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттар түзүлбөгөндүгүндө көрсөтүлгөн КР БШКнын иш-аракеттерин мыйзамсыз деп табуу жана КР БШКны Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттарды түзүү жолу менен кетирген бузууларды жокко чыгарууну милдеттендирүү жөнүндө” доо арызы боюнча судья К.Абдыкадыров төрагалык кылган соттун отуруму өттү.
Сот тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн доо арыздагы талаптарды канаттандыруудан баш тартылды.
Ошону менен бирге, сот БШКнын аракетсиздигин Ө.Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу тууралуу А.Жолдошбековдун арызын кароонун жыйынтыктары боюнча кандайдыр бир чечим (оң же терс) кабыл алынбагандыгы жагынан гана туура деп тапты.
Буга чейин КР БШКнын мүчөлөрүнүн жумушчу жыйналышынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнө, камакта жүргөн адамдардын шайлоо процессине катышуусунун укуктук механизминин жоктугу жана Ө.Текебаев боюнча кылмыш иши сотто кароо стадиясында болгондугуна байланыштуу, соттолуучунун бир жерден экинчи жерге баруусу менен байланышкан маселелерди чечүү соттун компетенциясына кирет деп маалымдаган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
