Кыргыз Республикасынын эки жараны КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу арыздарын кайтарып алды
03 августа 2017
Кыргыз Республикасынын эки жараны - А.Сартаев менен Н.Мамедов КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу берген арыздарын кайтарып алышты.
2017-жылдын 3-августуна карата 56 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары документтерин тапшырган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
