КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Малиевден арыз келип түштү
16 июля 2017
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 8-октябрында туулган, чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти жана "Аалам" саясий партиясынын лидери Малиев Арсланбек Касымакуновичтен арыз келип түштү.
2017-жылдын 16-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 24 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев ).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).
БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү