КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды
14 июля 2017
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Кыргыз Республикасы Конституциясы менен белгиленген жаш курагына карата цензге туура келбегендигине байланыштуу БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы №37 чечими менен 1985-жылдын 12-февралында туулган К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-пунктунда “Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат...” деп айтылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
