БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.Мамедовдун арызы жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары А.Мадумаровду көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чечими келип түштү

14 июля 2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 9-майында туулган, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Мамедов Нусрет Муса-Оглыдан арыз келип түштү.

Ошондой эле, Борборшайлоокомго Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке А.Мадумаровду көрсөтүү тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы XII cъездинин чечими келип түштү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 13-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

- 21 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов).

- 4 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаровд - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы).

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү