06.12.2019 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ички кадрлар резервинде турган бош ....

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына карата коюлган жалпы квалификациялык талаптар:

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1. Билүүсү керек:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин”.

- мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

Компьютер жана мобилдик түзүлмө менен иштөө:

  • Тесттик, графикалык жана таблица редакторлору менен иштөө.
  • Файл жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (аталышын өзгөртүү, көчүрүү, ордун которуу, алып салуу жана калыбына келтирүү).
  • Тышкы перифериялык түзүлмөлөрдү туташтыруу.
  • Диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө).

Компьютер жана социалдык түйүндөрдө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

Көндүмү:

  • Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
  • Издөө тутумдарын пайдалануу.
  • Ар түрдүү браузерлер менен иштөө.
  • Социалдык түйүндөрдө кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен өз ара сылык аракеттешүү.

Маалыматтардын чоң массиви менен иштөө: жаңы маалыматты иштеп чыгуу жана түзүү.

Көндүмү:

  • Маалыматтын өзгөрүшүнүн жогорку ылдамдыгынын шарттарында жана ар түрдүү маалыматтар болгон учурда  маалыматтар базасы менен иштөө.
  • Чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо жана маалыматты чыгаруу.
  • Файлдардын өлчөмдөрүн кичирейтип, жөнөтүү/чоң көлөмдөгү  маалыматтарды кабыл алуу.

Маалыматтарды берүү

Билими жана көндүмү:

  • Презентацияларды уюштуруу.
  • Эсептеп чыгарууга байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө.
  • Таблица, диаграмма жана графика түрүндөгү маалыматтарды берүү.

Прикладдык программалык өнүмдөрдү жана сервистерди пайдалануу

Көндүмү:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу.
  • Веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу.
  • Видеоматериалдарды сактоо, жеткизүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу.
  • Текстти оңдоо жана редакциялоо.

Уюштуруу техникасы менен иштөө

Кеңсе техникасы менен иштөө көндүмү:

•        Көчүрүүчү аппараттар.

•        Принтер.

•        Сканер.

•        Проектор же интерактивдүү такта.

•        Факс.

МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү

  • 2019-2023-жылдарга “Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформация Концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги жоболорун билүү.
  • “Электрондук колтамга жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
  • “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

Маалыматтык коопсуздук

Көндүмү:

  • Вируска каршы программаларды пайдалануу.
  • Шифрлөөнүн жардамы менен маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо.
  • Логин жана пароль коюу.
  • Компьютер менен иштөө учурунда маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгы

Шайлоо маалыматтык тутумун (ШМТ) башкаруу бөлүмү

БШКнын аймактык шайлоо комиссияларындагы системалык администраторлору:

- БШКнын Талас шаардык АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун), (У-А);

- БШКнын Ноокат АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун), (У-А).

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы жогорку техникалык билими.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажысы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажысы.

3. Кесиптик компетенциясы:

Билүүсү керек:

 - “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын;  

- “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №16 - токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин.

Билгичтиктери:

- маалыматты топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны тажрыйбада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- компьютердик жана уюштуруу техниканы, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, интернет браузерлерди, түйүндүк туташмаларды);

- компьютердик техниканын иштөөсүн камсыздоо;

- талапкерлер, округдар, участоктук шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары боюнча  маалыматтарды жана башка маалыматты КР БШКнын Шайлоо маалыматтык тутумуна (ШМТ) киргизүүнү ишке ашыруу;

- Outlook, VPN түйүнү аркылуу БШКнын аппаратына маалымат берүүнү ишке ашыруу;

- тиешелүү участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү үчүн шайлоочулардын тизмелерин басып чыгаруу;

- ШМТтын маалыматтарынын жогорку ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун колдоо;

- маалымат ресурстарына уруксат берилбеген кирүүлөрдөн коргоону камсыздоо;

- КСАнын жайларында эмгекти коргоонун эрежелерин жана ченемдерин, коопсуздук техникасын, өрткө каршы чаралардын жана режимдин сакталышын камсыздоо;

- ШМТ үчүн жооптуу түзүмгө КСАдагы абалдын өзгөргөнү (конфигурациянын үзгүлтүгү, өзгөрүшү ж.б.) тууралуу маалыматты берет;

- КСАнын кепил мөөнөтүндөгү жана кепил мөөнөтү бүткөндөн кийинки мезгилде ремонттон өткөрүү жана ишке жарамдуулугун калыбына келтирүү маселелери боюнча тейлөөчү уюмдар менен өз ара аракеттешүү. 

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн зарыл документтер:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын конкурстук комиссиясынын төрагасы М.А. Конурбаевдин наамына жеке арыз (бош кызмат орунду так көрсөтүү менен);

- Кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү;

- Керектүү кесиптик билимин, иш стажысын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтердин нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү);

- Паспорттун көчүрмөсү;

- Сунуш каттары;

- Көктөмө (документтер үчүн тикме папка).

Документтер 2019-жылдын 6-12-декабрында (саат 9:00дөн 18:00гө чейин) жумасына беш иш күнү экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50, №201 - кабинет

Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефон аркылуу (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылсаңыз болот.

Талапкерлерге коюлган талаптар боюнча кеңири маалыматтарды БШКнын жана Мамлекеттик кадр кызматынын төмөнкүдөй расмий сайттарынан аласыз: ( http://www.shailoo.gov.kg/ же http://www.mkk.gov.kg/)