Шайлоочулардын тизмелери

Шайлоочулардын тизмелери

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-июлу № 68

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү

1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоону даярдоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол бекеттеринин аймагында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлөт.

Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

4. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда шайлоочулардын мамлекеттик порталында участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери, туулган күнү жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.

5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.

Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочу ушул конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинде белгилеген тартипте арыз берүү жолу менен жашаган же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги тууралуу билдирүүгө укуктуу.

7. Шайлоочулардын мамлекеттик порталында жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндүн ичинде участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, так эместиктерди оңдоо. Шайлоо дареги

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашап жаткан шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күндүн ичинде илүүгө милдеттүү.

2. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун ката же болбосо так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көүчүрмөлөрүн тиркөө менен, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт.

Белгиленген формадагы арызды шайлоочудан кабыл алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын толтурулушунун тууралыгын жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтарга туура келерин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар, арыздын төмөн жагында жайгаштырылуучу айрыма талон берет.

Бул арызды участкалык шайлоо комиссиясы аны тизмеге киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторуна токтоосуз өткөрүп берет.

Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте автордоштуруудан өтүү менен шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы "шайлоочунун кабинети" деген сервис аркылуу арызды электрондук түрдө берүүгө укуктуу.

Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук билдирүү түрүндө шайлоочу арыз берип жатканда көрсөтүлгөн дарекке жиберилет.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, белгиленген үлгүдөгү арызды, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн, ал болбогондо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси шайлоочунун жүргөн же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги тууралуу арызы келип түшкөн учурдан тартып шайлоочуну акысыз негизде убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө жүргүзүлөт.

Арыз кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси токтоосуз аны шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча тиешелүү чара көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте автордоштуруудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети?) деген сервис аркылуу арызды электрондук түрдө берүүгө да укуктуу.

Шайлоочу билип туруп туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө шайлоочулардан келип түшкөн арыздарды эсепке алат.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберет.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү.

Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмелерге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.

5. Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырылууга тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда жабдуу комплекттерин даярдоо үчүн шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.

Шайлоочулардын биротоло тизмесин алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан биометрикалык маалымат базасы бар шайлоочулардын тизмесин жүктөө менен шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуунун сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт жана жабдуу комплекттерин шайлоо участокторуна жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда номерленген, көктөлгөн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмелерин эки нускада басып чыгарат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Мында илүү үчүн арналган, ар бир шайлоо участогу боюнча биротоло тизменин кагаз жүзүндөгү нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалыматты камтыбашы керек. Шайлоочулардын биротоло тизмелеринде камтылган жеке маалыматтары бар маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын биротоло тизмесинин кагаздагы экинчи нускасын шайлоо участогуна илүүгө милдеттүү.

Шайлоочулардын илинген биротоло тизмелерин шайлоочу же байкоочу тарабынан фото-, көрмө тартууларга чектөө коюлбайт.

6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

7. Шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштырууну Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.

Өз ара аракеттенүү мыйзамдарда бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүзөгө ашырылат.

Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышып чыгуу, шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө шайлоочулардын арыздарын карап чыгуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана синхрондоштуруу жөнүндө маселелер боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу

1. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик порталга автоматтык жайгаштыруу жолу аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Шайлоолор аралыгындагы мезгилде шайлоочулардын тизмеси мамлекеттик порталда ай сайын жаңыланып турат, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат жана мамлекеттик порталда жайгаштырылат.

2. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдар менен жөнгө салынат.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 31-октябры № 173

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»

22-берене. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышуу

1. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, аларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максаттарында ар бир участка боюнча референдумга катышууга укуктуу жарандардын тизмелери (референдумдун катышуучуларынын тизмелери) түзүлөт.

2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү, алар менен таанышуу тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 14-июлу N 98

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмелери

1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, шайлоочулардын тизмесин түзүү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

2. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен 18 жаш курагына толгон, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөп алуу аркылуу шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен түзүлөт. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик порталда участкалар, райондор жана шаарлар боюнча добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалымат бербестен, таанышуу жана аталган маалыматтарды, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.

Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салат.

4. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калганда участоктук шайлоо комиссиясына берилет.

5. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтын келип түшүүсүнө жараша дайыма жаңыланып турууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)