Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 30-июну N 62

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40, 2015-жылдын 17-февралындагы N 34, 2015-жылдын 26-июнундагы № 139, 2017-жылдын 20-февралындагы N 26, 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамдарынын, 2021-жылдын 26-июнундагы N 79 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Шайлоо комиссияларынын системасы

Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча - райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).

2-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин укуктук негиздери

Шайлоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары - Конституция), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин принциптери жана негизги кепилдиктери

1. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындуулук;

3) ачыктык;

4) көз карандысыздык;

5) коллегиялдуулук;

6) адилеттүүлүк;

7) калыстык.

2. Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.

4. Саясый партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоо, референдумду даярдоонун жүрүшүндө шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоо комиссияларына эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.

5. Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, белгиленген мөөнөт бузулган учурда, ушул беренеде белгиленген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Борбордук шайлоо комиссиясы

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы N 79 конституциялык Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)

3-глава
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы N 79 конституциялык Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)

4-глава
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы N 79 конституциялык Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)

5-глава
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары

19-берене. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары жана аларды түзүүнүн тартиби

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

3. Эгерде аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде бүткөн учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

5. Участкалык шайлоо комиссиясы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервинен жети мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

6. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунушталган талапкерлердин ичинен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитет.

7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын резерви тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Резервди түзүү жана алып баруу тартиби жөнүндө жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунда бекитилет.

8. Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясый партиялардын өкүлдөрү, саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясый партиялардын резервин түзөт.

9. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:

1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;

2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;

3) 1201ден көп шайлоочуга - участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.

Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын тиешелүү шайлоо комиссиясынын курагы боюнча улуу мүчөсү ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.

11. Шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо жана бошотуу үчүн белгиленген ушул Мыйзамда каралган тартипте жүргүзүлөт.

12. Төраганын жана катчынын бош кызмат ордун ээлөө шайлоо тартибинде жүргүзүлөт.

13. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, тизмеси, чек арасы жана дареги жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календарлык күндөн кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

14. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып башталат жана аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат.

15. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыкканда, анын ордун ээлөө ал чыккандан кийин он күндөн кечиктирбестен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, тийиштүү шайлоо комиссиясын түзүүдө өткөрүлгөн чүчүкулактын кезектүүлүгүнө жараша резервден жана саясый партиялардын өкүлдөрүнүн резервинен жүргүзүлөт.

16. Саясый партиялар тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын зарыл сандагы өкүлдөрдү сунуш кылынбаган учурда шайлоо комиссиясын толуктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын резервинен жүргүзүлөт.

17. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 26-июнундагы № 139, 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-берене. Аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

1. Аймактык шайлоо комиссиясы:

1) ушул Мыйзамдын жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү аймакта алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;

2) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;

3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет;

4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;

5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;

6) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;

7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;

8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, шайлоо, референдумду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

9) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзөт, жазат, жаңылайт жана тактайт;

10) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат;

11) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;

12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат;

13) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

14 участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;

15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп тааныйт;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте, тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;

17) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт;

18) Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду өткөрүп берет;

19) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

19-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;

20) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

21) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

22) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;

23) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

24) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;

25) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

2. Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2015-жылдын 17-февралындагы N 34, 2017-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-берене. Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары

1. Участкалык шайлоо комиссиясы:

1) тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын дареги жана телефон номуру тууралуу, анын иштөө убактысы, добуш берүү күнү жана орду жөнүндө, ошондой эле шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын тизмеге киргизүү жөнүндө калкка маалымдайт;

2) шайлоочулар жана референдумдун катышуучуларынын таанышуусу жана такташы үчүн шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;

3) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесиндеги каталыктар жана так эместиктер тууралуу арыздарды кабыл алат жана карайт, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени чечет;

4) шайлоо дареги боюнча добуш берүү боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алат;

5) тийиштүү аймактагы шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактайт;

6) шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролдук кылат;

7) шайлоо, референдум күнү шайлоо участкасында добуш берүүнү уюштурат;

8) шайлоо участкасы боюнча добуштарды эсептөөнү жүргүзөт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт;

9) шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

10) шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна арыздарды жана даттанууларды өз компетенциясынын чегинде карайт жана алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

10-1) түшкөн даттанууларды эсепке алууну жүргүзөт жана тиешелүү реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт;

11) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

12) материалдык баалуулуктардын жана мүлктүн сакталышын камсыз кылат;

13) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;

14) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу

1. Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:

1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

8) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

2. Аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү негизги ишинен ажыратылбастан иштейт.

4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат.

5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.

Негизги иштеген ишинен шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине бошотулган аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.

6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.

7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

8. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес.

9. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

1) жыйналыш жөнүндө күн мурдатан кабардар болот;

2) тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

3) аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;

4) тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо бюллетендерин кошпогондо) жана аларды күбөлөндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу;

5) тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу;

6) шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун инсандыгы көрсөтүлгөн документ туура келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу;

7) жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз.

10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкү учурларда милдеттеринен бошотулат:

1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет өлкө мамлекетинин аймагына жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашап туруу уруксатын алганда;

4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) аны аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жана дайынсыз жоголду, өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) тийиштүү шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо;

7) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо;

8) тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбайт деген ырастоосу таанылганда;

9) аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылганда;

10) тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда.

11. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен шайлоо тартибинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40, 2017-жылдын 20-февралындагы N 26, 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-берене. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын иши коллегиялуулуктун, айкындуулуктун жана ачыктыктын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы, эгерде анын курамы анын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмесинен түзүлсө, ишке киришүүгө укук ченемдүү.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу маселелери ушул Мыйзам жана шайлоо мыйзамдары тарабынан аныкталат.

Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жыл сайын окутуудан жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп турат. Окутуунун жана квалификацияны жогорулатуунун тартиби, программасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

4. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда тийиштүү шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп саналат. Биринчи жыйналышты тийиштүү шайлоо комиссиясынын курагы улуу мүчөсү ачат жана алып барат.

5. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышында:

1) курагы боюнча улуусу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тааныштырат;

2) эсептөө комиссиясы тийиштүү шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнөн турган курамда катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен шайланат;

3) шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт.

6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жыйналыштары (мындан ары - жыйналыш) төрага тарабынан, ошондой эле тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча чакырылат. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жыйналыштар жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

7. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгү катышканда, жыйналыш укук ченемдүү. Жыйналыш протоколдоштурулат.

8. Шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу, талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары, шайлоолор болгон жок же анык эмес деп таануу, кайталап добуш берүүнү өткөрүү, кайра добуш берүүнү же кайталап шайлоону өткөрүү тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө маселелер боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйналышта аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмеси тарабынан кабыл алынат.

9. Шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу, шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйналышта участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан кабыл алынат.

10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери жыйналышта тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

11. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.

12. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эмес мүчөсү жазуу жүзүндөгү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколунда чагылдырылып, ага тиркелиши жана төрага тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясына эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү жана добуш берүүдөн кийинки күнү - токтоосуз билдирилиши керек.

13. Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо жөнүндө, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдери, ошондой эле аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүгө жатат.

(КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу тартиби

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:

1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда;

2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;

3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптары бузулганда.

2. Тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер, саясый партия арыз менен кайрылууга укуктуу. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз добуш берүү күнүнө же кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө - бул шайлоо участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген кийинки мезгилге чейин он календардык күндөн кечиктирбестен, бирок кайталап добуш берүү датасынын күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз кароого токтоосуз кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы ушул Мыйзамдын жобосуна ылайык, жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын түзөт.

5. Аны таркатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан кийин жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы үч календардык күндөн кечиктирбестен түзүлүшү керек.

6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу талапкердин же саясый партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушуна алып келбейт.

6-глава
Корутунду жоболор

25-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу

1. Борбордук шайлоо комиссиясын финансылоо кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

2. Кезектеги шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүүлөр финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

3. Шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Шайлоо, референдумду өткөрүүгө каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине шайлоо, референдум дайындалган күндөн он календардык күндөн кечиктирбестен которулат жана төмөн турган комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

4. Шайлоо, референдумду чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча илимий-изилдөө, маалыматтык, билим берүү программаларын, ошондой эле шайлоо, референдумду техникалык даярдоону финансылоону кошпогондо, катышуучусу чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар болуп саналган юридикалык жактар тарабынан шайлоо, референдумду финансылоого тыюу салынат.

5. Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүүгө, шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервди укуктук жактан окутууга байланыштуу мамлекеттик программалардын иш-чараларын финансылык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан жана башка мыйзам менен тыюу салынбаган финансылоо булактарынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Шайлоо комиссиясынын төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансыланат:

1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жана сыйакы берүү, ошондой эле эмгек келишими боюнча шайлоо комиссияларында иштөөгө тартылган жарандарга төлөмдөр;

2) басма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга (Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетени);

3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл жабдууларды (анын ичинде технологиялык), башка материалдык баалуулуктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;

4) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, факсимилдүү, почталык, электрондук), транспорттук чыгымдарды камсыз кылууга;

5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоого же жок кылууга;

6) алардын чектерин, даректерин көрсөтүү менен шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жарыялоого;

7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин жана аларды шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына киргизүү жөнүндө кабарламаларды жарыялоого;

8) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана жүргүзүүгө;

9) шайлоо, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын иш сапарлары жана жол-киреси боюнча чыгымдардын ордун толтурууга;

10) талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партияларга акысыз эфирдик убакыт, акысыз басылма аянтын берүүгө;

11) шайлоо комиссияларынын маалыматтарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;

12) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүүгө;

13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөргө;

14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак уюштурууга;

15) шайлоо, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.

7. Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.

8. Участкалык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетту добуш берүү күнүнөн кийин жети календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына берет.

9. Аймактык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту добуш берүү датасынын күнүнөн кийинки жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө финансылык отчету жарыялоонун расмий булактарында, Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетенинде жана расмий сайтында шайлоо, референдумдун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жарыяланат.

11. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтердин шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдери менен шайкеш келгендиги жана финансылык отчетторду ушул Мыйзамда бекитилген мөөнөттөрдө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

26-берене. Өткөөл жобо

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы, максатка ылайыктуулугуна жараша, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн эске албай туруп аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө укуктуу;

2) Борбордук шайлоо комиссиясы областтык шайлоо комиссияларынын тийиштүү документтерин тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү боюнча зарыл керектүү чараларды көрсүн.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, шаарлардын мэриялары областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдигин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү боюнча чараларды кабыл алсын.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чараларды кабыл алсын:

- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдигин киргизүү боюнча;

- областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорунун штаттык бирдигин киргизүүгө которуу боюнча.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн жана системалык администраторлорунун ар айлык эмгек акысын каржылоого акча каражаттарын тапсын.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап он беш күндүн ичинде шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берсин.

27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 30-июнунда N 51 жарыяланды

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 3, 131-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 6, 249-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 2, 106-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 3, 185-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, N 62);

- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы ("Эркин тоо" газетасы, 2007-жылдын 15-июну, N 43);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2008-жылдын 1-августу, N 56);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2008-жылдын 8-августу, N 58);

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" газетасы, 2009-жылдын 9-январы, N 1).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева

 

2011-жылдын 24-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган