19.08.2026 №80 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечимин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечимин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды актуалдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы №5 “2023-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча иш-аракеттердин планы жѳнүндѳ” чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктѳлсүн.
Төрага Т.Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 19-августу
№ 80
