24.03.2025 №5 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн курамы ушул чечимдин тиркемесине ылайык бекитилсин.
- 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечими менен бекитилген тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын;
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-марты
№ 5
