Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча

борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 24-январындагы

№30 токтому менен бекитилген

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн

КОЛДОНМО

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата талаптар

3-глава. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби

4-глава. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

5-глава. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

6-глава. Шайлоо күрөөсү

7-глава. Шайлоо фонддору

8-глава. Бишкек, Ош шаардык жана шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонду

9-глава. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду

10-глава. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

11-глава. Талапкерлердин статусу

12-глава. Талапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

13-глава. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу жана ыйгарым укуктары

14-глава. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

15-глава. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзам), «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Колдонмодо жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата талаптар, талапкерлерди кѳрсѳтүүнүн тартиби жана аны каттоо, ошондой эле талапкерлердин шайлоо фондусун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн, ишенимдүү адамдарынын жана ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнүн статусу жана ыйгарым укуктары камтылган.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда камтылган шайлоо укугунун негизинде ѳткѳрүлѳт.

2-глава. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата талаптар

4. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

6. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

3-глава.Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби

9. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

10. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;

2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

11. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.

12. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

13. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат.

14. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

15. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан,көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

16. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

17. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө жана машинаокуучу түрдө берилет.

18. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат.

4-глава. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

19. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин жана шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин (1-тиркеме, №4 форма);

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды) (1-тиркеме, №5 форма, №6 форма);

3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти;

5) документтер:

- башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө (1-тиркеме, №12 форма);

- соттуулугунун жоктугу же болбосо негизинде талапкер соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө, эгерде талапкер учурдагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо;

6) ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук (1-тиркеме, №11 форма).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ушуга байланыштуу өз алдынча өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды жазууга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамында каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок талапкер көрсөтүлгөн учурда ушул адам башка адамдын жардамын колдонууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан ырасталууга тийиш же болбосо жетекчинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

20. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул главанын 19-пунктуннда көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.

21. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 50-беренеси менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизет.

22. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

23. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт.

24. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

25. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.

26. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин бардык стадиясында каттоону жокко чыгарууга алып келет.

27. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамы менен каралган тартибин сактабоо:

2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;

4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу;

6) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо дайындалган датага чейин 6 ай мурда катталгандыгы белгиленсе.

Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

28. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.

29. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

30. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт.

31. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет (1-тиркеме, 10 форма).

32. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

Шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды талапкер жеке өзү жазуу жүзүндө берүүгө тийиш. Талапкердин арызды жеке өзү берүүгө мүмкүндүгү жок болгон учурда саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын берет. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Шайлоолордо андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.

33. Саясий партия ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү:

1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү тизмесинен алып салуу жөнүндө.

34. Ушул берененин 1-бөлүгү жана 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен каралган учурларда талапкерлердин талапкерлердин тизмесине жайгаштыруунун кезеги өзгөрүлөт. Мында талапкерлердин тизмесинен алынып салынган талапкердин ордуна талапкерлердин тизмесине аны менен бир жыныстагы талапкер киргизилет.

35. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлердин тизмеси чыгып калган учурда (саясий партиянын шайлоого катышуудан баш тартуусу) участоктук же тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү саясий партия жөнүндө маалыматтарды бюллетендерден сызып салат. Сызып салуу саясий партия жөнүндө бардык жазуулардын сабы боюнча шарик калеми менен гана сызылуучу түз сызык менен жүргүзүлөт. Мында сызык саясий партиялар жөнүндө маалыматтардын сабынын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

5-глава. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

36. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) (мажоритардык система боюнча саясий партия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) партиянын аталышын жана айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү менен саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечимин (2-тиркеме, №4 форма) же болбосо ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ арызды (2-тиркеме, №6 форма, №6-1 форма);

2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы (2-тиркеме, №5 форма);

3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн;

4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документ;

5) документтер:

- башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө(2-тиркеме, №12 форма);

- соттуулугунун жоктугу же болбосо анын негизинде талапкер соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө, эгер талапкер учурдагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо;

6) ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук (2-тиркеме, №11 форма).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ушуга байланыштуу өз алдынча өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды жазууга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамында каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок талапкер көрсөтүлгөн учурда, ошол адам башка адамдын жардамын колдонууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан ырасталууга тийиш же болбосо жетекчинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

37. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү.

38. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүргүзүлөт. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы документтерден талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерге маалымдоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.

39. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндалган аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

40. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер тарабынан каттоо үчүн анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин кандай гана баскычы болбосун каттоону жокко чыгарууга алып келет.

41. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерди каттоо үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамы менен каралган тартибин сактабоо;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ошол шайлоодо талапкердин башка шайлоо округунда катталгандыгынын фактысынын бардыгы;

4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

42. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда бүтөт.

43. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялайт.

44. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге аны каттоонун датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет (2-тиркеме, №10 форма).

 

6-глава. Шайлоо күрөөсү

45. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө;

2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз эсе өлчөмүндө;

3) айылдык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө.

46. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:

1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;

2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.

47. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн келип түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайра кайтарылган шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

7-глава. Шайлоо фонддору

48. Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт.

Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

49. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.

50. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

51. Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партия тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.

52. Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү уланта берет.

53. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонду төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

2) ушул главанын 54-пунктунда саналып өткөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.

Шайлоо фондунун чек өлчөмү «жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамы менен аныкталат.

54. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылышына тыюу салынат:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;

2) жарандыгы жок адамдардын;

3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын;

5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

7) укук коргоо органдарынын, соттордун;

8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;

9) диний уюмдардын;

10) жашыруун кайрымдуулуктар (жашыруун кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн төмөнкү маалыматтарынын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).

55. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар, юридикалык жакты түзбөгөн ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык, жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна тыюу салынат. Талапкер, саясий партия көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттары которулган учурда жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

56. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшүп жаткан акчалай каражаттар шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашык келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандар менен уюмдарга кайтарып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

57. Кайра добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасы бир жарым эсе көбөйтүлүшү мүмкүн.

58. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

59. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

60. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

61. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

62. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;

2) жергиликтүү кеңещтердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:

а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;

б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;

в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;

г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;

д) байланыш кызматтарына;

е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;

ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;

з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;

и) товарларды жеткирип берүүгө.

63. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке жактарга шайлоого тикелей же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.

64. Талапкерлерге, саясий партияларга жумуштарга жана тейлөө кызматтарына акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

65. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде билдирип турууга милдеттүү. Бул маалыматтар түшүшүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен жайгаштырылат.

66. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды киргизген жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды киргизген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

67. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдери (макулдашуулары) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен акы төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берилүүчү күндүн алдындагы күндөн кечиктирилип түзүлүшү мүмкүн эмес.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат. Талапкердин, саясий партиянын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.

68. Кайра добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.

69. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берет. жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамы менен белгиленген шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.

70. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге, саясий партияга добуш берүү күнүнөн кийин кайтарып берилет.

71. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулукка жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

8-глава. Бишкек, Ош шаардык жана шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонду

72. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн жергликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

73. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

74. 73-пунктта көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

9-глава. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду

75. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер ѳзүн ѳзү кѳрсѳткѳн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди кѳрсѳткѳн учурдан тартып жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 15-беренесинде белгиленген тартипте үгүт ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүшѳт.

76. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин өз каражаттарынын, алар эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиялар бѳлгѳн каражаттардын, алар эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар биринин өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар биринин өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкерлердин чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

10-глава. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

77. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде мыйзамдар менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын, талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат.

78. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат.

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда.

79. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда.

80. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

81. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.

11-глава. Талапкерлердин статусу

82. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер тең укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

83. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;

2) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

3) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

4) муниципалдык кызматчы;

5) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери;

6) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери.

84. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.

85. Талапкерлер, же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактык шайлоо комиссиясына талапкерди көрсөткөн күндөн баштап 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, талапкерлердин тизмесин берет.

86. Талапкердин ишинин 90 жана 10-пункттарда каралган кепилдиктери жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 53 жана 60-беренелеринде каралган тартипте тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.

87. Талапкердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого даттанган учурунда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.

88. Катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоодон чыгып калганда - шайлоодон чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаса, кайталап добуш берилбей турган, катталган талапкерлер шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаган күндөн тартып өздөрүнүн статусун жоготот.

89. Талапкер, саясий партия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда каралган тартипте шайлоо комиссияларында өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамда каралган учурларда талапкер, саясий партия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы менен байланышкан өздөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат.

90. Шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.

Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.

91. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

92. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда катталган талапкерлердин тизмесинде чыккан депутаттан кийинки турган адам аймактык шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештин депутаты болуп катталганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.

12-глава. Талапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

         93. Талапкер, саясий партиялар өзүлөрүнүн өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

94. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын (1-тиркеме, №7 форма, 2-тиркеме, №7 форма) жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын (1-тиркеме, №8 форма, 2-тиркеме, №8 форма) негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

95. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ишенимдүү адамдар боло алышпайт.

96. Ишенимдүү адамдар өздөрүнө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.

97. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка иштин ар кандай мыйзам менен жол берилген түрлөрүндө жана мыйзамдуу усулдары менен жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;

2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөдө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;

3) шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен чогулуштарды өткөрүүдө мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл жардам алууга;

4) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

5) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө, шайлоо участкаларында болууга;

6) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;

7) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.

98. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

2) добуш берилүүчү жайда шайлоо бюллетендерин алгандагы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле кабинада, атайын жабдылган жерде же жашыруун добуш берилүүчү бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.

99. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдарга алардын өтүнүчү боюнча ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин эмгек акысын сактабастан өргүү берүүгө милдеттүү.

100. Ишенимдүү адамдарды дайындаган талапкерлер, саясий партиялар бул жөнүндө шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарып ишенимдүү адам тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берип, бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге, саясий партияга маалымдоо менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.

101. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул Колдонмонун 100-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.

13-глава. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу жана ыйгарым укуктары

102. Талапкер, саясий партия катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иш орду (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык маалыматтары жөнүндө маалыматтарды берүү менен тиешелүү аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу (1-тиркеме, №3 форма, 2-тиркеме, №3 форма).

103. Өкүлдүн шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.

104. 21 жаш куракка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссияларындагы өкүл болууга укуктуу.

105. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.

106. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.

107. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген ырастама тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан берилет.

108. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштыруучу шайлоо комиссияларындагы өкүл өзүнүн кызматтык милдеттеринин же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.

109. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;

3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;

4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;

5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана ал документтер менен материалдардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;

6) шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин анын инсандыгына шайкеш келишин жана ага бюллетендин берилишин текшерүүгө;

7) шайлоо комиссиясынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга.

110. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;

2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;

3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;

5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.

14-глава. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

111. Талапкерлер, саясий партиялар экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү талапкерлерге, саясий партияларга өкүл болот.

Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.

112. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат (1-тиркеме, №1 форма, 2-тиркеме, №1 форма). Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет (1-тиркеме, №2 форма, 2-тиркеме, №2 форма). Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн 111-112-пункттардын талаптарына ылайыктыгын тастыктайт жана берилген маалыматтар үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

113. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот (1-тиркеме, №3-1 форма, 2-тиркеме, №3-1форма).

114. Ыйгарым укуктуу өкүл:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;

2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;

4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;

5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

115. Талапкер, саясий партия тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, мыйзам укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.

116. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

117. Шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдүн ыйгарым укуктары кандай гана учурда болбосун аны дайындаган субъекттин чечими боюнча токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.

118. Шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдүн ыйгарым укуктары ошондой эле аны дайындаган субъекттин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулушу мүмкүн.

119. Шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.

120. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин катталган саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары даттанылган учурда даттануунун маңызы боюнча соттун биротоло чечими чыккандан кийин шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдүн ыйгарым укуктары токтотулат.

15-глава. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү

121. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

122. Ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

123. Тиешелүү аймактын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 38-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

124. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (121-пункт) резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда биринчи абзацта көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 62-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (125-пункт) башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамынын 62-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (125-пункт) башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

125. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

126. Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!!!

1. 1-тиркеме, 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №3 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө» чечими менен бекитилген(БШКнын 11.02.2020ж. №1 чечиминин редакциясында).

2. Шайлоо алдындагы үгүттү ишке ашыруунун тартибине байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳмѳндѳгү актылары менен жѳнгѳ салынат:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо(БШКнын 12.03.2020ж. №72 токтомунун редакциясында).;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №115 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелерижана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо;

3. Талапкердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоого байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референду ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳмѳндѳгү актылары менен жѳнгѳ салынат:

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө жобо(БШКнын 19.12.2020ж. №482 токтомунун редакциясында);

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускама(БШКнын 12.03.2020ж. №75 токтомунун редакциясында).

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Жобо менен жѳнгѳ салынган добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳнүн тартиби (БШКнын 04.02.2020ж. №31 токтомунун редакциясында).

1-тиркеме ш/к формалары
2-тиркеме а/к формалары