Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 15- августундагы
№ 57 токтому менен бекитилген
Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде үгүт иштерине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жобонун максаты маалымат алууга жана таратууга шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулар аңдап-түшүнүү менен тандоо жасашын жана шайлоонун маалымдуулугун камсыз кылуу, шайлоо системасына жана шайлоо институтуна коомдук ишенимди арттыруу болуп саналат.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.
2.Аккредитациялоонун шарттары жана тартиби
4. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга катышууга укуктуу.
6. Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын жана/же алардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан бир жыйналышка же иш-чарага бир жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын өкүлдөрүнүн саны аларды шайлоо комиссияларынын жыйналыштары жана башка иш-чаралары өткөрүлүп жаткан жайларда жайгаштыруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана бир жалпыга маалымдоо каражатынан, интернет-басылмадан эки адамдан ашууга тийиш эмес.
7. Шайлоону өткөрүүдө аккредитациялоо максатында тийиштүү телерадио берүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмалардын жарыялоо укуктарын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жана референдумду өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.
– Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 20 календардык күндөн кечиктирбестен;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 10 календардык күндөн кечиктирбестен.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин берилген маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн расмий сайтында жалпыга маалымдоо үчүн шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттөн кечиктирбестен жалпы маалымат үчүн жарыялайт:
– Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 25 календардык күндөн кечиктирбестен;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 15 календардык күндөн кечиктирбестен.
9. Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 7-пунктта белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө жана электрондук форматта төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:
– шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
– жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
– юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
– уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
– маалымат жана массалык коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөсүн;
– эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Мында эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек;
– жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасына жөнөтөт.
10. Документтер талаптарга жооп бербеген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бул тууралуу арыз ээсине 24 сааттын ичинде кабарлайт. Белгиленген эскертүүлөрдү арыз ээси маалымдама алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде оңдоп-түздөөгө укуктуу.
11. Мөөнөтүнөн кеч берилген (жарыяланган) же толук эмес көрсөтүлгөн арыздар кароого алынбайт.
12. Шайлоо болгон жок же жараксыз деп таанылып, кайра шайлоо дайындалган учурда, аккредитациядан өткөн маалымат каражаттары кайрадан шайлоо процессин чагылдырууну улантуу укугуна ээ болушат. Ал эми, шайлоого жаңыдан катышууга ниетин билдирген маалымат каражаттары ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык аккредитациядан өтөт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ушул Жобонун 7, 8-пункттарында белгиленген мөөнөттөр үчтөн бирине кыскарат.
3.Аккредитациялоону уюштуруу
13. Борбордук шайлоо комиссиясы, жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоону уюштурууда төмөнкүдөй иштерди аткарат:
– жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө өз убагында кабарлайт жана маалымат жеткирет;
– шайлоо мыйзамдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
– жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн билдирүүлөрдү жана документтерди кабыл алат жана каттайт.
14. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо чечими, аккредитация үчүн зарыл болгон билдирүү жана документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
15. Борбордук шайлоо комиссиясы, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана/же алардын өкүлдөрүнүн тизмесин түзөт жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
16. Борбордук шайлоо комиссиясы, аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү процессинде толук жана калыс маалымат алуу үчүн шарттарды түзөт, анын ичинде:
– жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо комиссияларынын жыйындарынын өткөрүү датасы жана убактысы жөнүндө кабар берет;
– ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышуусун камсыздайт;
– аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү техникалык байланыш каражаттарын колдонуу менен өз редакцияларына ыкчам маалыматтарды берүү үчүн атайын орундарды белгилешет;
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын талабы боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алган чечимдер боюнча маалымат берет;
– шайлоого даярдык көрүү мезгилинде жана шайлоо күнү фото жана видео тартуу үчүн мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык шарттарды түзөт жана анын тартибин аныктайт;
– маалымат таратуу максатында атайын брифингдерди, жолугушууларды, пресс-конференцияларды, маектерди жана башка иш-чараларды уюштурат;
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын талабы боюнча маалыматтык-маалымдама материалдар менен тааныштырат.
4. Укуктары жана милдеттери
17. Аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана/же алардын өкүлдөрү төмөнкү укуктарга ээ:
– шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга;
– шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышууга;
– шайлоонун жүрүшү тууралуу, анын ичинде брифингдерде жана пресс-конференцияларда маалымат алууга;
– атайын бөлүнгөн жерлерде байланыш каражаттарын жана техникалык жабдууларды пайдаланууга;
– мыйзамдарга ылайык фото жана видеого тартууга;
– мыйзам тарабынан корголгон сырларды камтыбаган протоколдордун жана башка документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
– материалдарды өз аты же псевдоними менен жарыялоого;
– эгер материал мыйзамга же жеке ишенимдерине каршы келсе, аны даярдоодон жана жарыялоодон баш тартууга;
– авторлукту жашырууга;
– эгер редакциялык оңдоодо материал бурмаланган болсо, ал материалга кол койбоого же аны басма сөздөн (эфирден) интернет-басылмадан алып салууну талап кылууга;
Журналисттин укуктарын пайдаланып, коомдук маанилүү маалыматтарды жашыруун же бурмалоо, же болбосо ушак-айыңдарды ишенимдүү маалымат катары жайылтуу мыйзамга каршы келет.
18. Өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдерди жана кесиптик этика нормаларын сактоого;
– так жана ишенимдүү маалымат берүүгө;
– журналисттик укуктардан аша чаап пайдаланбоо, маалыматты бурмалоо же факт катары ушак таратуудан карманууга;
– алдын ала жалган маалыматтарга негизделген, талапкерлердин, саясий партиялардын же башка шайлоого катышуучулардын ар-намысына, кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирген материалдарды жарыялоого жол бербөөгө.
Мындай материалдарды жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттары, талапкердин же саясий партиянын талабына жана мыйзамга ылайык, чындыкка туура келбеген же аны бурмалаган макала, басылма же билдирүү боюнча төгүндөө жарыялоого же түшүндүрмө берүүгө милдеттүү, бул учурда колдонуудагы мыйзамдар жетекчиликке алынат.
19. Аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү (журналист) аудио же видеожазуу жабдууларын маалымат булагынын же автордун макулдугусуз колдонууга укуксуз.
20. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн (журналисттин) кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам менен корголот.
21. Төмөнкү аракеттер үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдары мыйзам алдында жоопко тартылат:
– цензура жүргүзүү;
– журналисттин мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу;
– журналистке кысым көрсөтүү же ишине мыйзамсыз кийлигишүү;
–.журналисттин материалдарын же техникалык жабдууларын мыйзамсыз тартып алуу;
– журналистке жалган же бир тараптуу маалымат берүү.
22. Журналисттин мыйзамда каралган укуктарын бузуу, ар-намысына шек келтирүү, коркутуу, күч колдонуу, өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө кол салуу кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
23. Журналист расмий булактарда камтылган маалыматты жарыялаганы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5. Аккредитациялоодон өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги
24. Аккредитациялоодон өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген маалыматтын тактыгын камсыздоого жооптуу.
25. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана/же анын өкүлүнүн аккредитациясы төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү редакциядан бошотулганда (мындай учурда жалпыга маалымдоо каражаттары башка өкүлдү аккредитациялоого укуктуу);
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү токтотулган же убактылуу токтотулган учурда;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобонун талаптарын бузганда.
26. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобонун талаптарын бир нече жолу бузган жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алуу укугуна ээ.
27. Аккредитацияны чакыртып алуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү мыйзамда белгиленген негиздерге таянуу менен кабыл алынат.
6. Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо
28. Шайлоонун даярдыгы менен өткөрүлүшүн маалыматтык чагылдыруу максатында чет элдик маалымат каражаттарынын кабарчылары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан арызга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген аккредитация күбөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген Жобого ылайык аккредитациялоо жүргүзүлөт.
29. Шайлоонун даярдыгын жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барышат.
30. Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарга ээ болуп, милдеттенмелерин аткарышат жана жоопкерчилик тартышат. Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларынын укуктук абалына коюлган чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
