Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2025-жылдын 29-августундагы

№ 66 токтому менен бекитилген

 

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө 

ЖОБО

 

1. Жумушчу топтун максаттары  жана милдеттери

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана түзүү тартибин белгилейт.

2. Жумушчу топ шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу максатында түзүлөт.

3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

2. Жумушчу топту түзүү жана анын курамы

 

4. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт. Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет жана ага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери, медиа-уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишке тартылган адистер жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, социалдык тармактар (интернет-мониторинг, санариптик аналитика жана киберкоопсуздук боюнча адистер) кирет.

5. Округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын жумушчу тобу тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөт. Мында жумушчу топтун курамы ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык түзүлөт.

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы коомдук уюмдар жана ошондой эле ишке тартылган адистер Жумушчу топко мүчө болуу жөнүндө арыздарды шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде берүүгө укуктуу. Келип түшкөн арыздар Жумушчу топ тарабынан каралып, кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ өз курамына киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына сунуш киргизет.

7. Жумушчу топ 7 (жети) мүчөдөн кем эмес, анын ичинде Жумушчу топтун жетекчисин жана катчысын кошуп алган курамда түзүлөт. Жумушчу топ анын мүчөлөрүнүн ичинен иш кагаздарын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу катчыны дайындайт.

8. Жумушчу топтун курамын өзгөртүү ушул Жобонун 4-пунктунда каралган Жумушчу топтун курамын бекитүү үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

3. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби

 

9. Жумушчу топ:

– негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды, талапкерлерди, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдайт;

– маалыматтык материалдардын (теле- жана радио берүүлөрдүн, теле- жана радиороликтердин, басылма продукциялардын) тематикасын иштеп чыгат;

– негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык маалыматтарды жана материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоонунун зарылдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдайт;

– шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана башка шайлоонун катышуучуларына маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарынын нормаларын түшүндүрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-чараларына катышат;

– шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалар тарабынан талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакытты, басылма аянттарын берүүгө даяр экендиктери, ошондой эле аларды төлөөнүн көлөмдөрү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтык материалдарды жана билдирмелерди топтойт жана системага салат;

– талапкерлер, саясий партиялар, же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилген басма же башка үгүт материалдарынын же алардын көчүрмөлөрүнүн нускаларын эсепке алат;

– коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген Президентти, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маалыматтык басылма жана аудиоматериалдарды карайт;

– шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоолордун натыйжаларын жарыялоого тиешелүү маселелерин карайт;

– шайлоо мезгилинде талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары жана башка шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан жол берилген бузууларга мониторинг жүргүзөт;

– тиешелүү корутундуларды жана чечимдерди даярдайт жана кабыл алат, чечимдердин долбоорлорун Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет;

– шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү маалымдоо маселелери, анын тартиби жана шарттары боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларына, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, анын ичинде маалымат агенттиктеринин жетекчилерине, башка кызыкдар уюмдарга жана адамдарга, консультативдик жана усулдук жардамдарды берет;

– Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалымат бөлүмү иштеп чыккан маалымат материалдарын баалоо жана сунуштамаларды алуу үчүн медиа адистерди жана эксперттерди ишке тартат;

– тиешелүү аймактарда шайлоочуларга маалымдоо жүргүзүүдө төмөн турган шайлоо комиссияларына көмөктөшөт, усулдук жана башка жардамдарды көрсөтөт;

– интернетте, социалдык тармактарда жана башка онлайн-ресурстарда (мессенжерлерде, телеграм-каналдарында, TikTok, X (Twitter), Instagram ж.б.) шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзөт;

– маалымдоону камсыздоо үчүн мамлекеттик портал, “Шайлоочунун кабинети” сервиси жана башка электрондук тутумдар менен өз ара аракеттенет;

– аралыктан жана электрондук добуш берүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин даярдайт жана жайылтат.

10. Жумушчу топ төмөн турган шайлоо комиссияларынан, тиешелүү органдардан, уюмдардан, алардын кызмат адамдарынан даттанууларды жана кайрылууларды кароо үчүн маалыматтарды жана материалдарды өз алдынча суратып алууга укуктуу.

11. Жумушчу топтун отурумун Жумушчу топтун жетекчиси чакырат, жетекчи жок болуп калган учурда анын милдеттерин Жумушчу топтун курамындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат. Жумушчу топтун отуруму коллегиалдуу жана ачык жүргүзүлөт.

Жумушчу топтун отуруму, эгерде Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышып отурса, укук ченемдүү болуп саналат.

Жумушчу топтун отуруму анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Жумушчу топтун отурумдарына Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналышпаган Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышып отурууга жана өз пикирлерин билдирүүгө укуктуу. Жумушчу топтун отурумуна Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, адистер, эксперттер жана башка кызыкдар адамдар чакырылышы мүмкүн. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын башка жумушчу топтору менен биргеликте жыйынын өткөрүүгө укуктуу.

12. Жумушчу топ шайлоочуларды маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.

13. Шайлоо комиссиясына келип түшкѳн арыздар жана даттануулар алдын ала Жумушчу топ тарабынан каралат. Жумушчу топ ѳзүнүн жыйынында келип түшкѳн кайрылуунун предметин белгилейт жана тѳмѳндѳгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) шайлоо мыйзамдарын бузуулардын белгилери аныкталса, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте арызды кароо жѳнүндѳ чечим кабыл алат;

2) шайлоо кампаниясынын мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жѳнгѳ салган колдонуудагы мыйзамдар талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар жана шайлоо процессинин башка субъекттери тарабынан жол берилген, мониторингдин натыйжасы боюнча бузуулардын белгилери аныкталганда – Кыргыз Республикасында референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун кароосуна жѳнѳтүү жѳнүндѳ корутунду даярдайт жана чечим кабыл алат;

3) укук бузуулар жѳнүндѳ же кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган бузуулардын белгилери белгилүү болгондо, арыздарды (даттанууларды, билдирүүлѳрдү, материалдарды) ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жѳнѳтүү жана мыйзамдарга ылайык чечүү жѳнүндѳ чечим кабыл алат.

 

4. Жумушчу топтун чечимдери  жана сунуштамалары

 

14. Жумушчу топтун отурумдарында маселени кароонун натыйжалары боюнча Жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Жумушчу топтун чечимдери сунуштоо мүнөзүнө ээ жана Жумушчу топтун отурумунда ачык добуш берүү аркылуу катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

15. Жумушчу топтун отуруму катчы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколго отурумга төрагалык кылган адам жана катчы кол коет.

Жумушчу топтун чечиминин тиешелүү долбоору же башка документтери Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилет.

16. Жумушчу топтун мүчөсү, эгерде Жумушчу топтун кароосунун предмети шайлоо процессинин субъектисинин аракеттери (аракетсиздиги) болуп саналса, жеке түрдө тике же кыйыр Жумушчу топтун ошол мүчөсүнө тийиштиги бар болсо, ал талкуулоого жана добуш берүүгө катышпайт.

17. Жумушчу топтун документтери Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте сакталууга өткөрүлүп берилет.