Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 44 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун (мындары ары – Жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.
Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан түзүлөт.
2. Жумушчу топ жарандардын, талапкерлердин, шайлоонун башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле шайлоо документтеринин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү максатында түзүлөт.
3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды, Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле ушул Жобону жана шайлоо комиссиясынын төрагасынын тескемелерин жетекчиликке алат.
2. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары
4. Шайлоо комиссиясына берилген шайлоо документтеринин, анын ичинде талапкерлердин тизмелерин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү Жумушчу топтун милдеттери болуп саналат.
5. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
– талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо үчүн документтерди кабыл алууну жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоо;
– Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партиялар жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөткөн талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алууда бардык шайлоо документтеринин болушун жана талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын текшерүү;
– талапкерлерди каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлгөн чечимдер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн шайлоо мыйзамдары менен белгиленген шайлоо документтериндеги маалымдамалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча материалдарды даярдоо;
– документтерди кабыл алууда, талапкерлерди каттоодо баш тартуу тууралуу чечимдер даттанылган учурда зарыл материалдарды даярдоо;
– талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана алар үчүн ырастамаларды даярдоо;
– шайлоо комиссияларына өкүлдөрдү дайындоого документтерди кабыл алуу жана алар үчүн ырастамаларды даярдоо;
– талапкерлер, саясий партиялар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген бардык шайлоо документтерин белгиленген тартипте жана мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө даярдоо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине өткөрүп берүү.
6. Эгерде талапкердин документтеринде аны каттоого тоскоолдук кылган дал келбестиктер аныкталса, Жумушчу топ бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдоого милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде талапкерди жана саясий партияны бул дал келбестиктер жөнүндө кабардар кылууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарламаны алгандан кийин 48 сааттын ичинде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
7. Иштин натыйжалары боюнча Жумушчу топ жыйынтыктоочу протоколдордун, отчеттордун, маалымкаттардын, корутундулардын, башка документтердин негизинде талапкерлерди каттоо жөнүндө, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө же болбосо аларды каттоодон баш тартуу тууралуу чечимдердин долбоорлорун даярдайт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет.
3. Жумушчу топтун курамы жана ишин уюштуруу
8. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- Жумушчу топтун жетекчиси;
- Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Жумушчу топтун мүчөлөрү.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
Жумушчу топтун жетекчиси жана анын орун басары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жумушчу топтун мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин жана мыйзамда белгиленген тартипте тартылган адистердин арасынан дайындалат.
Жумушчу топтун курамы аны түзүү тартибинде өзгөрөт.
10. Жумушчу топтун ишин жана анын милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн шайлоо комиссиялары эксперттерди жана адистерди, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин келишимдик негизде тартууга укуктуу.
11. Жумушчу топто иштөө үчүн тартылуучу адистердин курамы Жумушчу топтун милдеттерине, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин көлөмдөрүнө, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо үчүн зарыл материалдарды даярдоонун мөөнөттөрүнө жараша аныкталат жана Жумушчу топтун ишинин ар түрдүү этаптарында алмашылып турушу мүмкүн.
12. Жумушчу топтун иши Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо документтерин кабыл алуу, текшерүү жана сактоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Шайлоо документтерин текшерүүдө талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
14. Жумушчу топтун жетекчисинин жана анын орун басарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү келишимдик негизде тартылган адистерди кошо алганда, Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
15. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде Жумушчу топтун документтери мыйзамдарда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине сактоого өткөрүлүп берилет.
