Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын

2025-жылдын 10- сентябрындагы

№ 72 токтому менен бекитилген

 

Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын

тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү

тартиби жөнүндө ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларды жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин (мындан ары- шайлоочулардын тизмеси) түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары (шайлоочулары) жөнүндө маалыматтарды берүүнүн, шайлоочулардын маалыматтарын Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен салыштыруу жана шайкеш келтирүү жол-жоболорунун, шайлоочуларды идентификациялоо жабдыктарынын комплекттерин (алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча шайлоочуларын идентификациялоо, бюллетендерди басып чыгаруу функциясы менен жабдууларды) даярдоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумду өткөрүү жана даярдоо мезгилинде ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелерин жөнгө салат.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу жана сактоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

3. Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык түрү (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт, “Түндүк” тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт);

шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму (мындан ары - ШЭБТ) - Кыргыз Республикасында шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) жөнүндө маалыматтарды түзүү, эсепке алуу, иштетүү жана актуалдаштыруу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүү (мындан ары - шайлоочунун тизмеси), шайлоо аралык мезгилде жана шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде статистиканы жана отчетторду түзүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик маалымат системасы. Системанын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого жана референдумга катышууга болгон шайлоо укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштетүү, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;

шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - паспортто же чипке көрсөтүлүп жазылган же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемеси тарабынан маалымат системасында катталган жеке идентификациялык номуру (ЖИН), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги камтылган маалыматтар;

туруктуу жашаган жери - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарандын жашаган жеринин дарегин каттоо же жарандын паспортуна каттоо белгиси менен ырасталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери;

шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси - электрондук жана кагаз жүзүндө, калктын реестринин негизинде түзүлгөн маалыматтар, добуш берген күнү жигердүү шайлоо укугуна жана/же референдум өткөрүлгөн күнү референдумга катышууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси болгон  “Кызмат” мамлекеттик мекемеси;

шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча шайлоочулардын тизмесине жарандарды киргизүү, чыгарып салуу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

жергиликтүү жамааттын мүчөсү (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо) - тийиштүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктар байланыштырган Кыргыз Республикасынын жараны. Жергиликтүү жамаатта шайлоочунун мүчөлүгү жарандын паспортундагы жашаган жери, паспорттун чипине жазылган же жашаган жеринин дареги, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда добуш берүү күнүнө чейин кеминде 60 күн калганда дарегин каттоо менен аныкталат;

жергиликтүү жамааттын мүчөсү (Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо) - көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун чипинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.

4. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын мамлекеттик эсебин, калктын реестринде камтылган жеке маалыматтардын негизинде ШЭБТнын маалыматтык тутумун пайдалануу менен Борбордук шайлоо комиссиясы ишке ашырат.

5. Шайлоочулардын шайлоого укуктарын жүзөгө ашыруу, өздөрү жөнүндө маалыматтар менен шайлоочулардын таанышуусун жана тактоосун, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу, референдум участогу (мындан ары - шайлоо участогу) боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген берүү мөөнөтүнө ылайык шайлоочулардын тизмеси алдын ала, контролдук жана биротоло болуп бөлүнөт.

Шайлоочулардын тизмелеринин формалары Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо менен белгиленет.

6. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде турган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт.

7. Шайлоолорду жана референдумду өткөргөн мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол вокзалдарынын, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Шайлоолорду жана референдумду чогуу өткөргөн учурда көрсөтүлгөн шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү шайлоо жана референдум жөнүндө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт.

2. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенүү тартиби

9. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен калктын реестринде камтылган жеке жана биометрикалык маалыматтардын негизинде түзүлөт.

10. Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет, аларды бекитилген күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.

11. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күндөн кечиктирбестен, биометрикалык маалыматтарды жыйноо пункттарынын тизмесин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жердегилерин, алардын иштөө тартибин, жайгашкан даректерин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

12. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө:

1) Шайлоо күнүнө 80 (сексен) календардык күн калганда калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын алдын ала тизмесин бирдиктүү республикалык шайлоо округу боюнча калктын реестринен ШЭБТга автоматтык түрдө жүктөө аркылуу түзөт, андан ары ШЭБТдан “Тизме” мамлекеттик порталына шайлоо күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар жөнүндө маалыматтарды шайлоо участкаларынын чектерин эске алуу менен жүктөйт.

Алдын ала тизмелерди түзүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча ишке ашырылат.

Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук алып жүрүүчүдө *.pdf форматында түзүлгөн жана электрондук кол тамгасы менен кол коюлган алдын ала тизмелерди кошумча берет.

Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө АШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы менен аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу учурунда да ушундай эле маалымат жөнөтүлөт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмесине төмөнкү жарандар киргизилбейт:

добуш берүү күнүнө карата 18 жаш куракка толбогондор;

биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандар;

– соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;

– сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;

– каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү мамлекеттик каттоонун актысынын негизинде).

2) Түзүлгөн алдын ала тизме таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана/же так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун ЖИН, туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө ШЭБТдан алынып, бир учурда калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат.

3) Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу, ошондой эле шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участкалык шайлоо комиссияларына берет.

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелери көп мандаттуу шайлоо округу боюнча түзүлөт:

Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календардык күн мурда көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен шайлоо күнүнө карата 18 жаш куракка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн, жергиликтүү жамааттын  мүчөсү болуп эсептелген жарандар жөнүндө маалыматтарды калктын реестринен ШЭБТга, андан ары ШЭБТдан “Тизме” мамлекеттик порталына автоматтык түрдө жүктөп, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жеринин дареги боюнча шайлоо участкаларынын чек арасын эске алуу менен, инсандыгын ырастоочу документте каттоо органдарынын шайлоо күнүнө чейин 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жасалган каттоо белгиси менен тастыкталган маалыматтарды киргизет.

Алдын ала тизмелерди түзүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча ишке ашырылат.

Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук алып жүрүүчүдө *.pdf форматында түзүлгөн жана электрондук кол тамгасы менен кол коюлган алдын ала тизмелерди кошумча берет.

Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы боюнча ОШК/УШК боюнча аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырган учурда да ушундай эле маалымат жиберилет.

Шайлоочулардын алдын ала тизмесине төмөнкү жарандар киргизилбейт:

добуш берүү күнүнө карата 18 жаш куракка толбогондор;

биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандар;

соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;

сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;

каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү мамлекеттик каттоонун актысынын негизинде).

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесине тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп эсептелбеген жарандар киргизилбейт.

2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана/же так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун ЖИН, туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө ШЭБТдан алынып, бир учурда Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат.

3) Добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.

14. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө:

1) Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 55 (элүү беш) календардык күн мурда паспортто/электрондук чипиндеги жазууда көрсөтүлгөн дарекке ылайык, шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен, добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар жөнүндө маалыматтарды калктын реестринен ШЭБТга жүктөө, андан ары ШЭБТдан “Тизме” мамлекеттик порталына жүктөө менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.

Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук карамагындагы мекеме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген формага ылайык ШЭБТда шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.

Кошумча түрдө *.pdf форматында түзүлгөн жана электрондук кол коюлган шайлоочулардын алдын ала тизмеси дагы Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук алып жүрүүчүдө берилет.

Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө ОШК/АШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы менен аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Ушул эле маалыматтар шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууда Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

Шайлоочулардын тизмесине төмөнкү жарандар киргизилбейт:

шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналбагандар (Кыргыз Республикасынын аймагында жарандын жашаган жеринин дареги боюнча аныкталат, ал паспорттогу каттоо белгиси/паспорттун чипине жазылган маалымат менен аныкталат);

добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толбогондор;

– биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандар;

– соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;

– сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;

– каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү мамлекеттик каттоонун актысынын негизинде).

2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана/же так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун ЖИН, туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө калктын реестринен алынып, бир учурда калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат.

3) Добуш берүү күнүнө чейин 50 (элүү) календардык күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.

15. Шайлоочулардын мамлекеттик эсеби калктын реестринде камтылган маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.

Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмеси шайлоолордун аралыгындагы мезгилде ай сайын, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат.

Шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмеси калктын реестринде камтылган маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырууга жатат.

Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо өткөрүү мезгилинде -  күн сайын, ал эми шайлоолор аралыгында ай сайын 5 - күндөн кеч эмес, ШЭБТга жүктөө үчүн төмөнкү жарандар жөнүндө калктын реестриндеги маалыматтарды жаңылап турат:

– 18 жаш куракка чыккандарды;

– Кыргыз Республикасынын  жаранынын паспортун алгандарды;

– биометрикалык каттоодон өткөндөрдү;

паспортто/электрондук чипиндеги жазууда көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин, жана/же Дарек-маалымдама бюросундагы каттоо фактысы боюнча жашаган жеринин дарегин алмаштыргандарды;

каза болгондорду;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандарды;

ШЭБТга киргизүү үчүн калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген маалыматтарды актуалдаштырууда кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө мурдагы актуалдаштырууга салыштырууда (5-тиркемеге ылайык) ОШК/АШК/УШК боюнча калктын реестриндеги маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген/чыгарылган шайлоочулар тууралуу маалыматтар менен бирге аналитикалык маалымат берилет.

Добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күндөн мурда калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу үчүн калктын реестриндеги маалыматы боюнча шайлоочулар тууралуу маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүнү токтотот.

16. Добуш берүү күнүнө чейин 35 (отуз беш) календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар тууралуу актуалдаштырылган маалыматтар камтылган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт. Контролдук тизме тийиштүү участок боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле АШК/УШКнын аталышынан, АШК/УШКга карата шайлоо участогунун номеринен тышкары башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.

17. Шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоолорду даярдоо жана референдумду өткөрүү күнү колдонулуучу маалыматтык системаларды (ШЭБТ жеке жана биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо системасы, “Тизме” мамлекеттик порталы, Шайлоочунун кабинети) техникалык жактан колдоону камсыз кылат.

Маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана камсыз кылууга жумшалуучу чыгымдар Борбордук шайлоо комиссиясына калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишимдин негизинде төлөнөт жана шайлоо сметасына киргизилет.

18. Шайлоочулардан келип түшкөн арыздар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтар иштелип чыккандан кийин жана калктын реестринде камтылган маалыматтар менен шайлоочулардын тизмеси актуалдаштырылгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт.

19. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участоктору боюнча разнарядкага ылайык шайлоочуларды идентификация жабдыктарынын топтомдорунун зарыл санын алдын ала текшерүү жана даярдоо, алардын үзгүлтүксүз иштеп турушу боюнча ишти уюштурат жана жүргүзөт.

20. Добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күн мурда:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды идентификация жабдыктарынын топтомдорун даярдоо үчүн электрондук форматта шайлоочулардын биротоло тизмелерин калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;

2) Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын борборлоштурулган маалыматтык базасынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин, ШЭБТ жөнүндө Жобо менен бекитилген форматта ар бир шайлоо участогу боюнча принтер (локалдык сервер) менен идентификация түзүлүштөрүнө биометрикалык маалыматтарга байлаштырып, шайлоочулардын акыркы тизмесин (локалдык маалыматтар базасын) түшүрүүнү камсыз кылат;

3) Борбордук шайлоо комиссиясы принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдүн үзгүлтүксүз иштешин комплекстүү текшерүүдөн өткөрөт;

4) Биометрикалык маалыматтарды шайлоочулардын жеке маалыматтарына байланыштыруу калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

21. Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү, оңдолушун текшерүү, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдүн керектүү санынын болушу акты боюнча жүргүзүлөт.

22. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 3 (үч) календардык күн мурда калганда принтери бар идентификациялоочу түзүлүш, чыгымдалуучу материалдарды жеткирүүнү камсыздайт жана идентификациялоо жабдыктарынын сакталышы менен бүтүндүгүн камсыздоо үчүн аларды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өткөрүп берет.

Шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдү кабыл алуу, сактоо жана УШКларга жеткирүү боюнча штаб түзүлөт. Штабдын курамына округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.

23. Дайындалган шайлоо, референдум аяктагандан кийин калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоодо, референдумда идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмесин түзөт жана 2-тиркемеге ылайык “Тизме” мамлекеттик порталына жарыялайт.

24. Шайлоочулардын тизмелеринде камтылган жеке маалыматтар жөнүндө маалыматтарды көчүрүү, жарыялоо, жайылтуу, санкцияланбаган жол менен ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

3. Башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби

25. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 85 (сексен беш) календардык күндөн кечиктирбестен ТИМ Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, шайлоо жабдууларын бөлүштүрүүнү жана логистикасын оптималдаштыруу үчүн, шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды алдын ала ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

26. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү учурунда 15 календардык күн калганда ТИМ аркылуу консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу биротоло маалыматтарды күн сайын Борбордук шайлоо комиссиясына (1а тиркемесине ылайык) берет.

27. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүнү даярдоодо жана өткөрүүдө ССМ, УКМК, ЖАМК, КМ, ИИМ үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканалардын (вахталык иштердин) жетекчилери добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта болгон жерлерде, үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулардын тизмесин, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскер бөлүктөрүндө турган башка адамдар тууралуу маалыматтарды түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 (он эки) календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү УШКга берет.

Мында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: шайлоочунун паспортунда көрсөтүлгөн/ чипине жазылган каттоо дареги, ЖИН, ФАА, туулган датасы, мекеменин аталышы, шайлоочу кармоодогу (турган) мекеменин жетекчисинин колу жана мөөрү. Маалыматтар ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук жана кагаз түрүндө тийиштүү шайлоо комиссияларына берилет.

Майыптыгы бар адамдардын маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, сот органдары менен биргеликте шайлоо күнүнө 15 календардык күн калганда мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (4-тиркемеге ылайык) берет.

4. Корутунду жоболор

28. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар түрдүү формаларын ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилери шайлоочулар жөнүндө өз учурунда эмес, так эмес, толук эмес, анык эмес жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматтарды санкцияланбаган жарыя кылуу, таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

29. Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет

 

Кыскартуулар:

ЖС – Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту;

ТИМ – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

ИИМ – Кыргыз Републикасынын Ички иштер министрлиги;

КМ – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

ССМ – Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

ЭСКММ – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жанга миграция министри;

УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

ЖАМК– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызмат;

ЖИН – жеке идентификациялык номер;

ОШК – округдук шайлоо комиссиясы;

АШК – аймактык шайлоо комиссиясы;

УШК – участкалык шайлоо комиссиясы.

 

Тиркемелер