Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2025-жылдын 28-июлундагы

№ 41 токтому менен бекитилген

 

Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук  актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Бул Жобо тиешелүү аймактардагы шайлоочулардын санына жараша шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартибин аныктайт.

2. Президентти шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби.

3. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү республикалык шайлоо округу болуп саналат.

4. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби.

5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.

6. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, калкты каттоо жана документтештирүү, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.

7. Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет.

Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.

8. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

– шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу теңдиги шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;

– шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

9. Ушул главанын 7 жана 8-пунктарында көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

10. Шайлоо округдарынын тизмелери алардын чек араларын жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректерин, анын ичинде алардын графикалык сүрөттөлүшүн көрсөтүү менен, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

11. Шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлерин өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

12. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына катталат.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округуна каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби

13. Шайлоо системасына жараша тиешелүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

14. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү шайлоо күнү белгиленгенден кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.

15. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:

1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 15 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 20 пайыздан ашпаган жол берилген четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;

2) шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.

16. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

17. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча, ушул Мыйзам менен белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет.

18. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын чек араларын карайт жана бекитет.

19. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

5. Шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби

20. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участоктору шайлоочуларга эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.

21. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитилген формага (тиркелет) ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып берилген округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын сунушунун негизинде карайт жана бекитет.

22. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөткө, эреже катарында, ар бир участокто 3000ден ашпаган шайлоочу болгондой эсеп менен түзүлөт. Шайлоо округдарынын чек араларынын участоктордун чек аралары менен кесилишүүсүнө жол берилбейт.

23. Шайлоо өткөрүүдө ошол жердин географиялык өзгөчөлүктөрү орун алган учурда, ал аймакта жаңы шайлоо участогун ачуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, көчөлөрдү (көчөлөрдүн бөлүгүн) жакын жайгашкан шайлоо участогуна өткөрүү мүмкүнчүлүгү болбосо жана башка учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участогунда, эреже катары, шайлоочулардын саны 3000 шайлоочудан ашык болуусуна жол берилет.

24. Шайлоо участкаларынын тизмеси жана алардын чек аралары аларды түзүү үчүн каралган тартипте аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча такталууга жатат.

Шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

25. Шайлоо участогунда шайлоочулардын саны белгиленген көрсөткүчтөн ашкан учурда тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жаңы шайлоо участогун ачуу зарылдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш киргизет.

26. Жаңы шайлоо участогун ачуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда округдук, аймактык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүүнү эске алуу менен көчөлөрдү (көчөлөрдүн бөлүгүн) жакын жайгашкан башка шайлоо участогуна кошуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш киргизет.

27. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы шайлоо участогун ачуу же көчөлөрдү (көчөлөрдүн бөлүгүн) жакын жайгашкан башка шайлоо участогуна кошуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган сунушун карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат.

28. Борбордук шайлоо округдук, комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

29. Шайлоо участокторунун чек араларын даректик каттоонун Геомаалыматтык тутумунун электрондук картасында чагылдыруу үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын тутумдук администратору чек араларды аныктоону жана түзүүнү, курулмаларды жана көчөлөрдү шайлоо участогуна байланыштырууну жүргүзөт.

6. Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын аныктоо боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби.

30. Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын аныктоо процессинде Борбордук шайлоо комиссиясы статистика чөйрөсүндөгү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү, кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо, жер ресурстарын башкаруу, ошондой эле даректик регистр чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишет. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрү берүүчү расмий маалыматтардын өз убагында, толук жана анык берилүүсү үчүн жоопкерчилик тартат. Өз ара аракеттенүү, анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.

31. Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын иштеп чыгуу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктуу мамлекеттик каттоо, жер ресурстарын башкаруу, ошондой эле даректик регистр чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенишет жана биргелешип төмөнкү иштерди жүргүзөт:

– ар бир шайлоо участогунун чек араларынын чегинде жайгашкан калктуу конуштарды жана көчөлөрдү инвентарлаштыруу;

–..Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору (ААБОТ МК) боюнча поселоктордун, айылдардын аталыштарын тактоо;

– .ар бир курулманы эсепке коюу, аларды номерлөө;

– .жаңыдан катталган объектилерди дайыма актуалдаштыруу;

– кыймылсыз мүлктүн кадастрын жана ага укукту каттоону жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрүнө тиешелүү документтерди жөнөтүү;

–.тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары менен шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын тактоо.

32. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл болгондо тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматты сурап алууга укуктуу.

7. Кыргыз Республикасынын чегинентышкары шайлоо участокторун түзүү

33. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын сунушу менен, эреже катарында, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлөт.

34. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагы шайлоо участокторунун чек арасы болуп саналат.

35. Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн бир аймактагы шайлоочулардын саны мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынын көрсөткүчүнөн ашса, тышкы иштер маселелерин тейлеген органдын сунушу боюнча жана аккредиттелген өлкөнүн компетенциялуу органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.

36. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат алар бекитилген күндөн баштап

5 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аккредиттелген чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында жайгаштырылат.