Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы № 46
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары - Бобордук шайлоо комиссиясы), округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды пландаштыруунун жана пайдалануунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Жобо Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө (мындан ары текст боюнча – шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү), алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу боюнча шайлоо системасын өнүктүрүү менен байланышкан мамлекеттик программанын иш чараларын финансылык жактан камсыз кылууга шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин белгилейт.
3. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык боюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Шайлоо комиссиялары шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгашалардын сметасына ылайык чыгымдайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалар сметасы төмөндөгү эки компонентти өзүнө камтыйт:
– 18110 ведомстволук классификациянын коду боюнча аппараттын чыгашалары;
– 18120 ведомстволук классификациянын коду боюнча шайлоолорго жана референдум өткөрүүгө чыгашалар.
Чыгашалардын сметасы жаңы маалыматтык технологияларды, автоматташтыруу каражаттарын жана башкаларды колдонуу менен шайлоо системасын өнүктүрүүгө байланышкан, материалдык-техникалык жабдууларга, маалыматтык-коммуникациялык жана уюштуруу иштерин/кызмат көрсөтүүнү, чыгымдарды кошуп алганда, шайлоо процессинин бардык деңгээлинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон чыгашалардын бардык топторунун керектөөсүн пландаштыруу жана эсепке алуу үчүн иштелип чыккан каржылоонун стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.
6. Шайлоо комиссияларына шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каржаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобу түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүүгө жана төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
– телефондоштурулган жайларды, анан ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), жогору турган шайлоо комиссияларына же болбосо архивге бергенге чейин шайлоо документтерин сактоо үчүн жайларды, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылуу;
– зарыл жабдууларды;
– транспорт каражаттарын;
– зарыл маалыматтарды жана материалдарды:
– шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан шайлоо комиссияларынын кайрылууларына токтоосуз түрдө жооп берүү, зарыл болгондо тийиштүү маселелерди кошумча иликтөө же текшерүү - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берген күнү же добуш берилген күндөн кийинки күнү токтоосуз түрдө жооп берүү.
8. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдетүү болуп саналат.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү бекитилген сметалары Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.
10. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин жөнгө салуунун укуктук негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
– “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 468-р тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.
2. Шайлоо комиссияларынын ишмердигин каржылоо менен камсыз кылуу
11. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишмердигин, шайлоо тутумун өнүктүрүүгө байланышкан мамлекеттик программалардагы иш чараларды, ошондой эле жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын көтөрүү жаатындагы ишти уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу боюнча Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиясы борборунун ишмердигин каржылоо, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервдерди жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
12. Чет мамлекеттердин аймактарында жайгашкан шайлоо участокторунда добуш берүүнү уюштурууга байланышкан чыгашаларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгашалар сметасынын чегинде жүзөөгө ашырылат.
13. Шайлоо, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгашалардын бекитилген сметасын каржылоо төмөндөгү тийиштүү чечимдердин негизинде түздөн-түз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат:
– Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо, референдумду дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү планын, республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу жана жүзөгө ашыруу узак мөөнөттү талап кылган (товарларды, иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. мамлекеттик сатып алуулар) иш-чараларды өз учурунда материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында шайлоону, референдумду өткөрүү жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынгандан кийин өткөрүлгөн конкурстун натыйжасы жана/же аларды каржылоонун жыйынтыгы боюнча аткарып берүүчүлөр менен тийиштүү келишим түзүлгөндө кийин өз учурунда баштоого жол берилет.
14. Казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде бюджетти кассалык аткарууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан ишке ашырылат. Акча каражаттары БШКнын Бирдиктүү казыналык эсебине (мындан ары – БКЭ) шайлоо, референдум күнүн дайындоо күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес которулат.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын чыгаша сметалары боюнча каражаттарды бөлүштүрүүнү бекитет.
15. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо реалдуу убакыт режиминде документтердин электрондук формаларын жана электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен Казыналыктын автоматташтырылган тутумунда жүргүзүлөт.
16. Башка мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартууга байланышкан (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары идентификациялоо, добуш берүү ж.б. боюнча чаралар) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө чыгашалар тийиштүү мамлекеттик органдар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалар сметасына кошулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген чыгашалар сметасына ылайык акча каражаттарын тийиштүү мамлекеттик органдарга которот.
17. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, илимий-изилдөө программаларын, шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча маалыматтык, агартуучулук программаларын, ошондой эле шайлоолорду, референдумдарды техникалык даярдоону каржылоону кошпогондо, чет мамлекеттердин, чет мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет элдик юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар курамында болгон, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдардын, юридикалык жактардын шайлоолорду, референдумдарды каржылоосуна тыюу салынат.
3. Каражаттарды чыгымдоо
18. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен шайлоо комиссияларынын төмөндөгү чыгашалары каржыланат:
1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы жана сый акы төлөөгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишине жарандык-укуктук келишимдер боюнча тартылуучу жарандарга акы төлөөгө;
2) басма продукцияны даярдоого жана басма иштерин жүргүзүү (ченемдик-укуктук актыларды, окуу жана маалымат материалдарын, шайлоо документтерин, бланкттарды ж.б., анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн атайын каражаттарды пайдалануу менен);
3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууну (анын ичинде технологиялык жабдууну), башка материалдык байлыктарды сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу;
4) шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, факсимилдик, почталык, электрондук) камсыз кылууга, шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан транспорт чыгымдары;
5) шайлоо документтерин жеткирүү, сактоо, аларды архивге өткөрүп берүү же жок кылууга даярдоо;
6) округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын чектерин, даректерин, курамын көрсөтүү менен шайлоо учаскаларынын тизмелерин жарыялоо;
7) шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмесин жана аларды шайлоочулардын бирдиктүү каттоо тутумуна киргизүү жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоо;
8) шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын бирдиктүү катоо тутумун түзүү, өнүктүрүү жана жүргүзүү;
9) шайлоону, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө иш-сапарларга чыгуусуна жана жол кире боюнча чыгымдардын ордун толтуруу;
10) шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, жарандарды, байкоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүү;
12) жарандарды, шайлоочуларды (референдумдун катышуучуларын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, шайлануучу органдарга талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын, байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка адамдардын укуктук агартуусу;
13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөн мурунку күндө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөмдөрдүү төлөө;
14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөн мурунку күндө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүндө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамга карата суткалык өлчөмдө тамак уюштуруу;
15) шайлоону, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар, анын ичинде:
– окутуучу жана маалыматтык программаларды жана материалдарды иштеп чыгуу;
– чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочуларды аккредитациялоону жүргүзүү;
– шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдоого багытталган (программалык камсыз кылуу, басылма ЖМКда, интернет-ресурстарда, билборддордо аянтчаларды алуу ж.б.) маалыматтык ресурстарды сатып алуу жана ижарага алуу;
– окутуучу иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү үчүн орун-жайларды ижарага алуу;
– талапкерлерди жана шайланган Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин дептутаттарын каттоого байланышкан чыгымдар (значоктор, күбөлүктөр ж.б.);
– активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону (эсепке алууну) уюштуруу;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана өркүндөтүү;
– эл аралык кызматташууга байланышкан чыгымдар.
19. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ишин жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын иштерин, анын ичинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, камсыз кылуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүнү кошпогондо, ушул Жобонун 4-главасында белгиленген товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды борборлоштурулган тартипте ишке ашырат.
20. Шайлоо комиссияларынын карамагына шайлоолорду (референдумдарды) даярдоого жана өткөрүүгө, бул мезгилде алардын ишин камсыз кылууга келип түшкөн акча каражаттары юридикалык жактар үчүн белгиленген тартипте толтурулган эсептешү акча документтеринин негизинде сарпталат. Бөлүнгөн каражаттар Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен чыгаша сметасына ылайык гана сарпталат.
21. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөнкү турган шайлоо комиссияларынын чыгашаларын борборлоштурулган тартипте төлөй алат.
22. Шайлоо комиссиялары кассалык чыгашаларды аларды берген тартипте кезек боюнча жана ЕКСга тийиштүү боюджеттин каражаттарынын иш жүзүндө калып калгандарынын чектеринде «Бюджеттик каражаттарды алуучунун» төлөм картасын пайдалануу менен кассалык чыгымдарга белгиленген тартипте берилген буйрутманын негизинде ишке ашырат.
23. Шайлоо комиссияларына бөлүнгөн, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда чыгымдалбаган бюджеттик каражаттар акча каражаттарын иш жүзүндө сарптоо жөнүндө каржылык отчет тапшырылгандан кийин республикалык бюджетке кайтарылат.
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук
24. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча бухгалтердик эсеп мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсепти жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
25. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын беренеси боюнча чыгашалардын бухгалтердик эсебин жана отчетторун борборлоштурулган түрдө жүргүзөт, шайлоо комиссиялары да чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык чыгашалардын түрлөрү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгашаларынын эсебин жүргүзөт.
26. Операция жүргүзүлгөн фактысын тастыктаган баштапкы эсептик документ бухгалтердик эсептин регистрине жазуу түшүрүү үчүн негиз болуп саналат. Баштапкы эсептик документтер операция жүргүзүлгөн учурда, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болсо, түздөн-түз операция бүткөндө түзүлүүгө тийиш.
27. Борбордук шайлоо комиссиясы борборлоштурулган тартипте юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө бухгалтердик, салыктык жана башка мамлекеттик отчетторду берет.
28. Борбордук шайлоо комиссиясы жыл сайын акча каражаттарын алууга укугу бар материалдык жактан жооптуу адамдардын (шайлоо комиссияларынын штаттык жана штаттан тышкаркы кызматкерлери), ошондой эле акча каражаттарын, негизги каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды алуу, пайдалануу жана сактоо үчүн жооптуу адамдардын тизмеси бар буйрукту түзөт, бекитет жана чыгарат. Отчеттук суммалар накталай эмес түрдө төлөм картасына которуу аркылуу же Борбордук шайлоо комиссиясынын кассасынан накталай түрдө берилет.
29. Ар бир материалдык жооптуу адам (мындан ары - МЖА) менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө арналган акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, негизги каражаттардын сакталышы, товардык-материалдык баалуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн толук жеке материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим түзүлөт. Материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерде сөзсүз түрдө МЖА жоопкерчиликтүү болгон активдер жана МЖАга ишенип берилген активдер боюнча зыяндын ордун толтуруу тартиби көрсөтүлөт. Эгерде отчеттук сумма накталай эмес түрдө берилсе, алуучунун банктык карт-эсебинин реквизиттери да көрсөтүлөт.
30. Атайын өкүл жана системдик администратор материалдык жоопкерчиликтүү адам болуп саналат жана кызматкерлерди, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервдерди жана жарандарды окутуу, шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн акча каражаттарын, негизги каражаттарды жана/же товардык-материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчиликти алып жүрөт. Акча каражаттары алуучунун төлөм картасына чегерилет же болбосо кассадан накталай берилет, негизги каражаттар, товардык-материалдык баалуулуктар Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик кызматы тарабынан берилген коштомо кагаз боюнча берилет. Акча каражаттары, негизги каражаттар, товардык-материалдык баалуулуктар алынгандан кийин ага аванстык отчет (12-тиркемеге ылайык), товардык-материалдык баалуулуктарды берүү ведомосту (8-тиркемеге ылайык), товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу актысы (11-тиркемеге ылайык) жол-жоболоштурулат жана алар эсеп жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик кызматына тапшырат.
Борбордук шайлоо комиссиясында эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
31. Борбордук шайлоо комиссиясы максаттуу беренелер, чыгашалардын түрлөрү боюнча өз-өзүнчө кагаз жана электрондук түрдө 1С «Бухгалтерия» автоматташтырылган программасында жана автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» аркылуу борборлоштурулган бухгалтердик эсепти ише ашырат. Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө багытталган, бекитилген чыгашалар сметаларына ылайык, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын чыгашаларын чыгымдардын түрлөрү боюнча эсепке алат.
32. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук/аймактык шайлоо комиссияларынын финасылык отчетторунун негизинде мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү чыгашаларын эсептен чыгарууну жүргүзөт.
33. Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик отчеттуулугу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндөгү актоочу документтер менен тастыкталган бухгалтердик жазуулардын, аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоолорду жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгашалары жөнүндөгү отчеттуулуктун мыйзамдарда белгиленген формасынын негизинде түзүлөт жана консолидацияланат.
34. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоолор жана референдумдар өткөрүлгөндөн кийин 20 календардык күндөн кеч эмес чет мамлекеттердин аймагында (дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде) түзүлгөн шайлоо комиссияларынын республикалык бюджеттин каражаттарынын аткарылышы тууралуу отчетун берет.
35. Борбордук шайлоо комиссиясы финасылык отчеттордун негизинде төмөнкүлөрдү түзөт:
1) Шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына бөлүнгөн акча каражаттары боюнча жыйынтык каржылык отчет (3, 4-тиркемелерге ылайык);
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгашалар сметасынын маалыматтарын эске алуу менен №2 форма боюнча (5-тиркемеге ылайык) мекемелердин чыгашаларынын аткарылышы тууралуу отчет;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-б менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобого ылайык формада бухгалтердик отчет.
36. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө кагаз жана электрондук түрдөгү консолидацияланган бухгалтердик отчетту (кварталдык жана жылдык) берет.
37. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын, комиссияларынын финасылык отчету басылмалардын расмий булактарында (“Эркин-Тоо” ж.б. гезитинде) жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында шайлоолордун, референдумдардын натыйжалары жарыяланган күндөн тартып үч айдан кеч эмес жарыяланат.
5. Мамлекеттик сатып алуулар
38. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жана төмөнкү шайлоо комиссияларынын иштерин, анын ичинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде камсыз кылуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы борборлоштурулган түрдө, мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүнү кошпогондо, төмөндөгү товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырат:
1) байланыш кызматына төлөө (уюлдук байланыш, алдын ала төлөнгөн SIM-карталар);
2) кеңсе керек-жарактарын сатып алуу;
3) интернет байланышы үчүн төлөм (анын ичинде автоматтык эсептөөчү жабдуулар (АЭЖ) жана планшеттер үчүн);
4) транспорттук чыгымдарга төлөм (автотранспорт үчүн ГСМ (талондор/майлар үчүн карталары);
5) басылма продукциялары үчүн кызматтарга төлөм;
6) ЖМКда маалыматтарды жарыялоо кызматтары үчүн төлөм;
7) жеткирүү чыгымдары;
8) шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана иштерин камсыздоого байланыштуу башка чыгымдар.
39. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү бардык логистикалык операцияларды жана тиешелүү финансылык документтерди борборлоштуруп жүргүзөт, сатылып алынган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү округдук/аймактык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт, алар өз кезегинде участоктогу шайлоо комиссияларынын ортосунда Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен чыгашалар сметасына же кызматтык катка ылыйык бөлүштүрөт.
6. Көзөмөл
40. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун, референдумдарын даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышы үчүн көзөмөл мыйзамдарга ылайык аракеттенген Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында түзүлгөн контролдук-ревизиялык тобу тарабынан ишке ашырылат.
