Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 20 -августундагы
№ 64 токтому менен бекитилген
Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун
иш тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иш тартибин аныктайт.
2. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу — шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам аракет көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымат жеткирүү максатында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түзүлөт.
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу өз ишин мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
2. Ыкчам чара көрүү координациялык топту түзүүнүн тартиби
5. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын деңгээлинде ыкчам чара көрүү координациялык топтору түзүлөт. Алардын курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын (укук коргоо органдары) өкүлдөрү кирет.
6. Укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча ыкчам чара көрүү координациялык тобунун курамына киргизүү үчүн өз өкүлдөрүнүн тизмесин шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен жөнөтүшөт. Координациялык топтордун курамына тиешелүү (борбордук, облустук, райондук, шаардык) деңгээлдеги органдардын жетекчилери жана кызматкерлери кириши керек.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын деңгээлинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын деңгээлинде тиешелүү шайлоо комиссияларынын чечими менен бекитилет.
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун милдеттери
8. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат:
- шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин кайрылууларын жана арыздарын (даттанууларын), ЖМКнын жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрүн кабыл алуу, талдоо жана ыкчам чара көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоо;
- кайрылууларда жана арыздарда (даттанууларда) баяндалган шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылардын аныктыгын текшерүү жана ыкчам чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтарды жөнөтүү;
- шайлоо күнү мыйзам бузуулар жана алар боюнча көрүлгөн чаралар туралуу жарандарга өз убагында тиешелүү маалыматты жеткирүү;
- жарандардын шайлоо укуктарын бузуу жана/же шайлоо комиссияларынын ишине жолтоо болгон аракеттерди токтотуу, ошондой эле коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө ыйгарым укуктарынын чегинде сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун ишин уюштуруу
9. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси болуп тиешелүү деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү саналат. Жетекчи, координациялык топтун мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, анын оозеки же жазуу жүзүндөгү тапшырмалары топтун бардык мүчөлөрү, ошондой эле келишимдик негизде тартылган адистер үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
10. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун мүчөлөрү бирдей укукка жана милдеттерге ээ. Чечимдер координациялык топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11. Эксперттик жана аналитикалык ишти алып баруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте адистер тартылат. Маалыматтык-документациялык жүгүртүүнү камсыз кылуу үчүн катчы дайындалат.
12. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жумушу шайлоо комиссияларында уюштурулат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл болгон материалдык-техникалык жана коммуникациялык көмөктөшүүнү камсыздайт.
13. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу тиешелүү шайлоо комиссиясы менен биргеликте жарандардын кайрылууларынын, ошондой эле маалыматтын келип түшүү жолдорунун жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзөт жана үзгүлтүксүз маалыматтык иш-чараларды өткөрүп турат.
5. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иштөө алгоритми
14. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъекттеринен келип түшкөн билдирүүлөрдү, арыздары (даттанууларды) кабыл алат, талдайт жана ар бир кайрылуу (билдирүү, арыз) боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгат.
15. Шайлоо мыйзамдарын бузулушу жөнүндө келип түшкөн арыздары (даттанууларды) тиешелүү укук коргоо органдарына кароого жана мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтөт.
16. Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Прокуратура органдары, ички иштер органдары арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.
17. Арыздары (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.
18. Келип түшкѳн бардык кайрылууларды (билдирүүлѳрдү, арыздарды) Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы даттануулардын жана мыйзам бузуулардын Реестринде жарыяланат жана күн сайын жаңыланып турат.
19. Билдирүүлөрдү, арыздарды (даттанууларды) кароонун жыйынтыгы боюнча ыкчам чара көрүү координациялык тобу кеңешмелерди, жыйындарды жана ЖМКнын катышуусу менен брифингдерди өткөрөт.
6. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун документтери
20. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иши аяктагандан кийин бардык документтер Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине белгиленген тартипте жана мөөөнөттөрдө өткөрүлүп берилет.
21. Документтердин тиешелүү тартипте өткөрүлүп берилишине ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси жана катчысы жоопкерчилик алат.
