Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 15-августундагы
№ 59 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1. Ушул Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө нускама (мындан ары – Нускама) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн жол-жобосун жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт.
Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кеч эмес, ал эми кайталап добуш берүүнү ѳткѳрүүдѳ – кайталап добуш берүү дайындалган күндѳн тартып 1 күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт.
3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана басма аянттарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү.
4. Катталган талапкер/талапкерлер өздөрүнө аларга мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан 20:00дөн 24:00гө саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлер ѳздѳрү гана катышууга тийиш.
Катталган талапкер/талапкерлердин ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбейт.
Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен катталган талапкерлерге убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтын алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн арыздарды каттайт.
7. Чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин катталган талапкерлер чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин 1 календардык күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясына чүчүкулакка катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтүүгө тийиш. Чүчүкулакка талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына арызды берген датасына жана убактысына жараша кезек боюнча киргизилет.
8. Чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:
– талапкерлер;
–катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
Чүчүкулакты өткөрүүдө коомдук, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө байкоочу катары катышууга жол берилет.
9. Чүчүкулак ар бир телерадио уюм жана басылма боюнча өз-өзүнчө өткөрүлөт.
10. Мезгилдүү басылмалардагы басма аянт беттерде жайгашкан орду боюнча жана газета чыгуучу дата боюнча чүчүкулак аркылуу бөлүштүрүлөт. Телерадио уюмдардын каналдарындагы эфир убактысы, эфирге чыгуу датасы, жана шайлоо алдындагы үгүттүн түрлөрү боюнча (жеке сөз сүйлөө, дебаттар жана «тегерек столдор») чүчүкулак аркылуу ар бир телерадио уюмдары боюнча өз-өзүнчө бөлүштүрүлөт.
11. Чүчүкулакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен беш адамдан турган Чүчүкулак боюнча топ түзүлөт.
12. Чүчүкулакты өткөрүү үчүн Чүчүкулак боюнча топ катталган талапкерлердин саны боюнча бирдей, номер коюлган шарларды даярдайт, алар эркин формадагы тунук эмес сыйымдуулукка жайгаштырылат. Катталган талапкерлер же ыйгарым укуктуу өкүлдөрү номер коюлган шарларды кезек-кезеги менен алып чыгат.
13. Алынып чыккан шарлардын номерлерине ылайык акысыз эфир убактысын жана акысыз басма аянтын берүүнүн (№ 1-тиркеме ылайык) графиги түзүлөт.
14. Чүчүкулактын учурунда катталган талапкердин Ф.А.А. же катталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ф.А.А. кезектүүлүк аныкталуучу позиция (жеке сөз сүйлөө, дебаттар, «тегерек стол», басылмалардын беттериндеги материалдарды жайгаштыруу орду) жана алынып чыккан шардын номери жарыя кылынат. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен жол-жоблоштурулат. Маалыматтар (№2-тиркеме ылайык) чүчүкулакты өткөрүү протоколуна киргизилет.
15. Эфир убактысын, басма аянтты бөлүштүрүү боюнча чүчүкулактын протоколуна тиешелүү телерадио уюмдардын жана басылмалардын катышып олтурган өкүлдөрү, ошондой эле катталган талапкерлер же катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коет.
16. Чүчүкулактын натыйжасында белгиленген эфирдик убакытты бѳлүштүрүү графиги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, тийиштүү түрдѳ мамлекеттик мезгилдүү басма сѳз басылмасында жарыяланат.
17. Талапкерлер пайдаланбагандыгына байланыштуу бошогон акысыз эфир убактысы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басма аянты тиешелүү телерадио уюмдары жана мезгилдүү басма сѳз басылмалары менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан пайдаланылат.
