КР БШКнын 2025-жылдын 10 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10 - сентябры

Убактысы: 10:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл, Токтогул жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. Бишкек шаарынын Октябрь районунун №1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө.

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3.Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө.

(баяндамачы – Акимбаев А.Ж., маалыматтык-коммуникациялык башкармалагынын башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин бекитүү жөнүндө.

(баяндамачы – Айтиев З.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)