КР БШКнын 2025-жылы 19 майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19 майы

Убактысы: 12:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.

(баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Темирканова Т.Э. , шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)