КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 20-сентябрь 2019-ж.

Өткөрүү датасы:  20 -сентябрь 2019-ж.
 
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнун башчысын кайра шайлоону жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону  дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтнүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Аксы,  Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Ар түрдүү маселелер

Төрага