КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 17-сентябрь 2018-ж.

Өткөрүү датасы:  17 сентябрь 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
2. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
3. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
5. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА