КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 25-сентябрь 2018-ж.

Өткөрүү датасы:  25 сентябрь 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай, Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта)
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
3. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА