КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 25-октябрь 2017-жыл
Өткөрүү датасы: 25-октябрь 2017-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинин субъекттеринен келип түшкөн кайрылуулар, арыздар жана даттануулар жөнүндө
(Баяндамачы – Камчыбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, Жумушчу топтун мүчөсү)
1.1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда келип түшкөн кайрылуулар, арыздар жана даттануулар жөнүндө
(Баяндамачы – К.М. Осмоналиев, Жумушчу топтун жетекчиси)
1.2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасына 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда келип түшкөн кайрылуулар, арыздар жана даттануулар жөнүндө
(Баяндамачы – А Молдалиев- Коомдук кабылдаманын кызматкери)
1.3.. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторуна келип түшкөн кайрылуулар, арыздар жана даттануулар жөнүндө
(Баяндамачы – Жумушчу топтун жетекчилери)
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматы жөнүндө
(Баяндамачы – Омуралиев А., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер