КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 20-март 2019-ж.

Өткөрүү датасы: 20- март 2019-ж.
Убактысы:12 :00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого, өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
 
Төрага