КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 20-июнь 2017-жыл

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ

Өткөрүү датасы: 20 -июнь 2017-ж.
Убактысы : 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” 2016-жылдын 13 ноябрындагы № 204 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – К.А. Абдилатов, маалыматтык шайлоо системасын башкаруу бөлүмүнүн башчысы)


2. “Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ жөнүндө”  Жобону бекитүү  тууралуу 
(Баяндамачы – К.К. Уметалиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

3. Кол коюу барактарды  кабыл алуу жана текшерүүбоюнча жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу 
(Баяндамачы – К.К. Уметалиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

4.Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин Ө. Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо жөнүндө
(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү)

5.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

6.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

7.Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

8.Ар түрдүү маселелер 

ТӨРАГА