КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 18-июль 2018-ж
Өткөрүү датасы: 18-июль 2018-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Жалал-Абад облусунун Сузак, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э. Досиевдин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” №6 чечимине карата арызы тууралуу (Баяндамачы – М.Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА