КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 13-март 2018-жыл

Өткөрүү датасы: 13 март 2018-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир жоболоруна  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысынын м.а.)


3. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


4. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


5. Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


6. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


7. 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


8. 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана КРнын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Акунов Т.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн эксперти)


9. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)


10. Ар түрдүү маселелер


ТӨРАГА