КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 12-октябрь 2017-жыл

Өткөрүү датасы: 12-октябрь 2017-ж.

Убактысы: 17:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча айрым актылардын формаларын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
А.К. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

4. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы “2017-жылдын
15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө” № 469 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)

6. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Н.Ташполотова, маалымат бөлүмүнүн эксперти)

7. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого коомдук байкоочуну аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Ж. Кеңешбеков, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

8. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА