КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 31-июль 2018-ж
Өткөрүү датасы: 31-июль 2018-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы-Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы–Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы №150 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Баяндамачы–Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы–М.Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э. Досиевдин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” №6 чечимине карата арызы тууралуу
(Баяндамачы–М.Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА