КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 5-июнь 2018-жыл
Өткөрүү датасы: 5 июнь 2018-ж.
Убактысы: 15-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жанаө ткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Акунов Т.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн эксперти)
3. 2018-жылдын 30-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА