КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 6 -ноябрь 2016-жыл
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 6-ноябры
Убактысы : саат 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Бишкек, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Тогуз-Торо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Орозова Нуржамал Базарбаевнаны чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Арпачиева Төлөгүл Батыркановнаны чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
(Баяндамачы – К.К. Уметалиев, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө”
8. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА