КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 4 -ноябрь 2016-жыл

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

 

Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 4-ноябры

Убактысы : саат 17.00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө

 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

2. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

3. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Э.Т. Утуров, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы)

4. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы демилгечи топтун, “макул” топтун, “каршы” топтун фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата кайрылуусун бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.А. Айдосов, маалыматтык бөлүмүнүн башчысы)

 

6. Ар түрдүү маселелер.

 

 Торага