КРнын БШК жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 19-апрель 2016-жыл
Кыргыз Республикасынын
Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун
КҮН ТАРТИБИ
өткөрүү датасы: 2016-жылдын 19-апрели
убактысы : 12.00
өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Э.Т. Мырзакматова, уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын
11-апрелиндеги № 69 токтомунун Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү боюнча бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын
11-апрелиндеги № 68 токтомунун С.М. Джумазага тиешелүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Р. Шукуралиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
Укуктук, документтик
камсыздоо жана кадрлар
башкармалыгынын начальниги Н. Давкина
