КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ЖЫЙНАЛЫШЫНЫН КҮН ТАРТИБИ
өткөрүү датасы: 2012-жылдын 16-марты
убактысы: 15.00
өткөрүлүүчү жери: жыйындар залы
1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
(Баяндамачы Б.С. Исаков, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө.
(Баяндамачы Б.С. Исаков, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Терек, Баетов айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоолордун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө.
(Баяндамачы М.И. Аргымбаев, Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төшбелгиси тууралуу жобону бекитүү жөнүндө.
(Баяндамачы Ж.А. Оморов, Шайлоо технологиялары жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары)
Аппарат жетекчиси М.С. Султанов