Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ

өткөрүү датасы:   2012-жылдын 25-январы

убактысы: 14.00

өткөрүлүүчү жери:  жыйындар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу.

(Баяндамачы А.Т.Асаналиев, БШКнын мүчөсү)

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкердин шайлоо фондусунун атайын эсебин ачуу үчүн банктык мекемени аныктоо жөнүндө

(Баяндамачы М.А.Токтоболотов, финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо  башкармалыгынын начальниги) 

3. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу

(Баяндамачы Ж.А.Оморов, шайлоо технологиялары жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары) 

4. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Токмок, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы Б.С.Исаков, Уюштуруу  бөлүмүнүн башчысы)

 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек шаардык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө.

(Баяндамачы Б.С.Исаков, Уюштуруу  бөлүмүнүн башчысы)

 

 

            Аппарат жетекчиси                                         М.С. Султанов