КРнын БШК жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 29-июнь 2016-жыл
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 29-июну
Убактысы : саат 10.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. 2016-жылдын 20–июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
Документтик камсыздоо
жана котормо бөлүмүнүн
башчысы Ч. Алыбаева