КРнын БШК жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 8-июль 2016-жыл
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 8-июлу
Убактысы : саат 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2016-жылдын 4-июлунда өткөрүлгөн кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
2. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
4. “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө” программасы боюнча Байкоочу комитетин түзүү жөнүндө
(Баяндамачы – К.Ш. Токтакунов, эл аралык кызматташтык жана долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча бөлүмдүн эксперти)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Ж. Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Р. Шукуралиев, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы).
Төрага