11.05.2021 №101 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясын чакыруу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясын чакыруу жөнүндө
2021-жылдын 5-февралындагы № 19 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары, Базар-Коргон шаардык кеңеши жана Базар-Коргон шаарынын мэриясы түзүлгөн.
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы № 188 токтому менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакырылсын.
2. Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңештин ишин уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилсин.
3. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-майы
№ 101