18.09.2015 № 95 «Азаттык» Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 86 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобонунун 3-пунктун жетекчиликке алган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ тарабынан «Азаттык» Демократиялык партиясы» саясий партиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  22-беренесинин 15-бөлүгүн бузгандыгы тууралуу акттын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. «Азаттык» Демократиялык партиясы» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  2. «Азаттык» Демократиялык партиясы» саясий партиясы ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде жашы жете элек баланын сүрөтү бар үгүт баннерлерин демонтаж кылууга милдеттендирилсин. 
  3. Бул чечим «Азаттык» Демократиялык партиясы» саясий партиясынын өкүлүнө жиберилсин.
  4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.А. Ашимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Т. АБДРАИМОВ 

 

2015-жылдын  18-сентябры

№ 95