30.01.2017 № 4 Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2017-жылдын 26-январындагы даттануусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана башка шайлоо процессине катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу тобунун Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2017-жылдын 26-январындагы даттануусун карап чыгып, арыздануучулар тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жана анын добуш берүүнүн жыйынтыктарына же депутаттардын эркиндиктерине карата тийгизген таасири боюнча далилдер берилбегендиктен, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41,43-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына карата Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2017-жылдын 26-январындагы даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдардын ченемдерин милдеттүү түрдө сактоо зарылчылыгы тууралуу эскертилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана башка шайлоо процессине катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси – А.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага Н.Шайлдабекова
Бишкек ш. 2017-жылдын 30- январы
№ 4