03.08.2015 № 35 “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куруучуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куруучуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куруучуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Шамырканов Бактыбек Джуматаевич катталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куруучуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Манапова Гульнара Оморкуловна катталсын.

3. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куруучуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2015-жылдын 3-августу

35