08.07.2016 № 27 “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө” программасы боюнча Байкоочу комитетти түзүү жөнүндө
«Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө-(DСI-ASIE/2015/038-149) секторун реформалоо гранты» программа боюнча Кыргыз Республикасынын жана Европа биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимди ишке ашыруу алкагында, максаттары, күтүлгөн натыйжалары, ишмердүүлүгү, бюджети жана ушул долбоордун бюджетин аткаруу боюнча жүктөлгөн милдеттердин сыпатталышынын деталдаштырган техникалык жана административдик жоболору тууралуу 1-тиркеменин 2.5.-пунктуна ылайык, каражаттарды максаттуу багыттоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө” программасы боюнча Байкоочу комитети түзүлсүн (тизме тиркелет).
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2016-жылдын 8-июлу
№ 27