15.10.2015 № 155 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 68 чечиминдеги “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлери

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө түшкөн сунуштамасынын жана талапкерлердин жеке арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөр алынып салынсын:

1) Назаралиев Эсенбек Сейдилдаевич;

2) Машрапова Гүлай Эгемназаровна;

3) Кошоков Данияр Жарматович;

4) Мансурова Жамила Макамбаевна;

5) Айдаров Нургазы Абдыраевич.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 68 “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын  талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” чечиминдеги жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлер каттоо тизмесинин бөлүгүнөн жокко чыгарылсын.

3. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.

4. Бул чечим “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.  

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 15-октябрь 2015-жыл

№ 155