15.10.2015 № 153 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 65 чечиминдеги “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө түшкөн сунуштамасынын жана талапкерлердин жеке арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөр алынып салынсын:
1) Касымбеков Нурбек Айтыевич;
2) Абдрахманов Алишер Орозбаевич;
3) Жоошбеков Заирбек Сулайманович.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 65 “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” чечиминдеги жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлер каттоо тизмесинин бөлүгүнөн жокко чыгарылсын.
3. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
4. Бул чечим “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 15-октябрь 2015-жыл
№ 153